Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучулары туура тамактануу боюнча жаңы маалыматтарга ээ болуп, бир күн болсо дагы ашпозчунун кесибине ээ боло алышты. Мындай шартты мектептин ашпозчусу Нургүл Меңдулатова жана «Фармацевт» ийриминин окуучулары түзүп беришти. Окуучулар ашканага санитардык-гигиеналык эрежелерди так, туура сактоо менен кирүүгө уруксат алышты.
Алгач окуучуларга туура тамактануу боюнча маалыматтар берилип, андан соң ашканага келип, тамактардын жасалышына күбө болушту. Өзүлөрү да тамак даярдоодогу эрежелер, нормалар менен жакындан тааныша алышты.

Нургүл Меңдулатова окуучуларга бычак менен иштөөнү үйрөтүп жаткан учуру

Окуучулар токочторду даярдаганга жардам беришти

Токочтордун көлөмү бирдей болуусуна көңүл бөлүп, тараза менен иштей алышты

Арууке Карагулова ашпозчуга көмөк көрсөтүүдө
Арууке Карагулова биринчи жолу тамак жасап көрдү. Ал макарон, картошка кууруганды үйрөнө алды. Кийинчерээк май токоч, таттуу булочкаларды да өз алдынча жасап жетишем деген жакшы тилектерин айтты.

Жаныбек Абдыжалилов
«Мен күнүмдүк жашообузда туура тамактанганды үйрөндүм. Биз майлуу, өтө таттуу, өтө ачуу тамактардан алыс болушубуз керек экен. Себеби, алар өзүбүздүн ден соолугубузга терс таасирлерин тийгизет. Ал эми жашылча-жемиштер пайдалуу экенине дагы бир ирээт ынандым. Мен бүгүн биз мектепте тыныгуу учурунда жеп жүргөн нандын, шорпонун жасалышын көрө алдым. Мага абдан жакты», -дейт Жаныбек Абдыжалилов.
Наиля Жанарбек кызы