Орозо бул руханий жактан гана эмес, ден соолук үчүн да пайдалуу. Бирок туура тамактануу эрежелерин сактабаса, организм начарлап, энергия жетишсиздиги пайда болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк дарыгер Мунара Кубаталиева орозо маалында туура тамактануу боюнча кеңештери менен бөлүштү.
Туура тамактануунун негизги эрежелери
Биринчи кезекте зыяндуу тамактарды рациондон алып салуу керек. Айрыкча:
• Тузду жана таттууну көп жебөө;
• Зыяндуу майларды колдонуудан баш тартуу;
• Газдалган, таттуу жана боёк кошулган суусундуктардан алыс болуу;
• Даам күчөткүчтөр кошулган азыктарды колдонбоо жана куурулган тамакка караганда бууга, сууга бышкан тамак-аштарга өтүү
Мындан тышкары, рациондо түрдүү азыктар болушу керек. Ал үчүн тарелканы туура бөлүштүрүү маанилүү. Дарыгердин айтымында, тамактын курамы төмөндөгүдөй болушу керек:
• ¼ бөлүгү белок – майсыз эт, тоок эти, балык ж.б.;
• ¼ бөлүгү татаал углеводдор – гречка, сулуу ж.б.;
• ½ бөлүгү клетчатка – көк чөптөр жана жашылчалар.
Ооз ачууда эмнелерге көңүл буруу керек?
Оозду курма менен ачуу эң туура чечим. Анткени ал минералдарга бай жана табигый таттуу болгондуктан, 12 саат ачка болгон организмди жумшартып, табитти жөнгө салат. Курмадан соң жылуу суу ичүү сунушталат. Андан кийин:
• 10-15 мүнөт тыныгуу кылуу;
• Алгач клетчаткага бай тамактарды (салаттар) жеш керек;
• Жашылчадан жасалган шорполордон ичүү;
Ооз ачкандан кийин ашыкча тамактанып албоо үчүн, мөмө-жемиштерден жасалган жеңил тамактар менен шам-шум кылса болот.
Ооз бекитүүдө кандай тамактар пайдалуу?
Орозо күндүз кыйналбай өтүшү үчүн, ооз жабууда туура тамактануу абдан маанилүү. Суу менен гана жаап коюуу туура эмес. 60 кг салмактагы адам үчүн ооз бекитүүдө идеалдуу рациону төмөнкүдөй болушу керек:
• 100 грамм сууга кайнатылган эт;
• 200 грамм салат;
• Татаал углеводдор – алар организмге узак убакыт бою энергия берет.
Балдар жана өспүрүмдөр орозо кармай алабы?
— Ислам дининде кыздар үчүн 9 жаштан, балдар үчүн 12 жаштан баштап орозо кармоо милдеттендирилет. Бирок медицина тараптан караганда, балдардын организми чоңдордукуна караганда алсызыраак болгондуктан, аларга организмин кыйнабай, туура тамактануу режимин сактоо сунушталат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, туура тамактануу менен узак убакыт ачка жүрүү 10-12 күндөн кийин баланын концентрациясын жана эс тутумун жакшыртат.
Орозодо туура тамактануу ден соолукту сактоого жана күч-кубатты жоготпой, орозону жеңил өткөрүүгө жардам берет. Эң негизгиси, зыяндуу тамактардан баш тартып, белок, углевод жана клетчаткага бай рационду кармануу керек. Ооз ачууну жеңил тамактардан баштап, сууну жетиштүү ичүү да маанилүү. Негизи эле жашоодо туура тамактануу адаттарын орозо маалында кондүрүп алуу жакшы.
Орозодо туура тамактануу боюнча маекти толук бул жерден көрүңүз.
Айпери Марлес кызы