Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө өрөөнүнүн Терек-Суу айылындагы клуб толук капиталдык ремонттон өттү. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Болот Багынбаев маалымат берди.

«Айылдагы клуб союз учурунда от казанга ылайыкташкан мекеме болгон. Союз урагандан кийин 30 жыл аралыгында каралбай, эч ким пайдаланбай калып кеткен. Стимгрант проекти аркылуу финансы министрлиги тарабынан колдоого алынган. Ичиндеги отургучтар эски, азыркы заман талабына жооп бербей, ылайыксыз жана ынгайсыз акыбалда болгон. Республикалык финансы министрлигине атайын проект менен кайрылып, уч жарым миллионго жакын акча бөлүнүп, ичиндеги отургучтарды толугу менен алмаштырып, сахнаны жасаттык. Бул бир эле концерттик зал болбостон кинотеатр болсун деп кино койгонго да атайын аппаратарды орнотуп жатабыз. Жылытуучу системалары кондиционерлерди,көшөгөлөрдү бардыгы заманбап техникалары менен камсыздалат. Айылыбыздын эли ал жерден концерттик программаларды, жаңы кинолорду көрө алышат. Клубдун ремонту толук бүттү»-дейт Болот Багынбаев

8-март күнү клубта энелер үчүн концер коюлду. Алдыңкы убактарда айылдык чогулуштар, концерттер, жаңы чыгарылган кинолор, айылдык жыйындар болуп турат.

Даярдагандар: Азема Сабырбекова, Арууке Эсенбекова, Аэлита Зарылбекова