Жамааттык Медиалардын Бирлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews тарабынан ишке ашырылып жаткан Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN) долбоорунун колдоосу менен мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маалыматтык кампанияны баштады.
Кампаниянын алкагында өлкө боюнча мамлекеттик кызматкерлер үчүн мастер-класстар өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын башкы максаты – мамлекеттик кызматкерлердин медиа сабаттуулугун жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, санариптик алдамчылыктарды аныктоо жана аларга каршы туруу, ошондой эле кастык тилине сөздөргө каршы күрөшүү.
Мастер-класстардын негизги темалары:
• Медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негиздери
• Санариптик алдамчылыктардын коркунучу: чыныгы учурлар жана коргонуу жолдору
• Кастык сөздөр: аларды кантип аныктап, алдын алууга болот?
• mediamap.kg интерактивдүү картасы жана жалган маалыматты көзөмөлдөө механизмдери
Кампаниянын географиясы:
Мастер-класстар Кыргызстандагы жети аймакта өтөт: Бишкек, Ош, Баткен, Талас, Нарын, Каракол жана Жалал-Абад.
Иш-чаралардын графиги:
Кампания 2025-жылдын 12-мартында башталып, 18-мартка чейин уланат. Ар бир аймакта мастер-класстар мамлекеттик мекемелерде өтүп, ага жергиликтүү администрациялардын, Президенттин өкүлчүлүктөрүнүн жана мэриялардын өкүлдөрү катышат.
Күткөн натыйжалар:
Бул мастер-класстар 350дөн ашуун мамлекеттик кызматкерди камтыйт. Ар бир катышуучу алган билимин кеминде беш кесиптешине бөлүшөт. Бул мамлекеттик түзүмдөрдө сынчыл ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук жана санариптик коопсуздук жөндөмдөрүн мындан ары да кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.
Кампаниянын башкы өнөктөшү – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги. Мындай иш-чараларды өткөрүү КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы планына киргизилген жана мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу стратегиясынын алкагында ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева: «Мамлекеттик кызматкерлердин медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу – маалыматтык коркунучтарга туруштук берүүдө маанилүү кадам. Бул мастер-класстар мамлекеттик органдардагы кызматкерлерге жалган маалыматтарды таанып-билүүгө гана эмес, жарандар менен эффективдүү коммуникация түзүүгө да жардам берет деп ишенебиз”.
Жамааттык Медиалар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова: «Санарип доорунда маалыматты сынчыл көз караш менен кабыл алуу жана фейктерге каршы туруу жөндөмү – зарылчылык. Мамлекеттик түзүмдөрдүн медиа сабаттуулук процесстерине аралашканына кубанычтабыз. Бул келечекте маалыматтык коопсуздук жаатында дагы да терең кызматташууга негиз болот деп ишенебиз”.
«Текшердим!» – бул коомдун туруктуулугун камсыздоо жана жалган маалыматтар менен күрөшүү боюнча маанилүү кадам. Сиз дагы бул демилгеге кошулуп, чынчыл жана так маалымат үчүн күрөшө аласыз!
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.