Энергетикалык диверсификация, башкача айтканда, энергиянын ар кандай булактарын колдонуу азыр тандоо эмес, муктаждыкка айланды. Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюм кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануунун мүмкүн болгон пайдасын талдап чыкты.
Бул глобалдык жана жергиликтүү деңгээлде актуалдуу
Дүйнөлүк энергетикалык стратегияларды талдаганда, өлкөлөр эми жаңы атаандаштык чөйрөсүнө өтүштү. Азыр бардыгы энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүнү жана экологиялык жактан таза өлкө катары таанылууну көздөп жатышат, ошол эле учурда өнөр жайын өнүктүрүү ылдамдыгын жоготпостон.
Кыргызстандын электр энергиясынын 90% дарыялардагы суунун болушуна көз каранды. Өзүнүн жетиштүү көлөмдөгү отун-энергетикалык ресурстары жок болгондуктан, климаттын өзгөрүшү жана суунун жетишсиздиги шартында, кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу өтө маанилүү.
Энергияны керектөө системасын өзгөртүү керек
Кыргызстан дүйнөдөгү эң көп энергия керектеген 15 өлкөнүн катарына кирет. Бул оор өнөр жайы жок өлкө үчүн өтө чоң ысырапкорчулуктун көрсөткүчү.
Бул маселелер тез арада чечилүүсү керек. Энергияны натыйжалуу пайдалануу жана кайра жаралуучу энергия булактарына өтүү Кыргызстандын экологиялык абалын жакшыртып, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүгө жардам берет.
Биздин чоң потенциалыбыз бар
Кыргызстан жашыл технологияларды колдонууга уникалдуу шарттарга ээ.
Өлкөдөгү кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалы төмөнкүдөй бааланат:
• Суу ресурстарында – жылына 5 000 млн кВт/саат,
• Күн энергиясында – 490 млн кВт/саат,
• Шамал энергиясында – 45 млн кВт/саат.
Энергияны натыйжалуу пайдалануунун эсебинен үнөмдөө мүмкүнчүлүгү жылына 38 млрд кВт/саатты түзөт. Бул өлкөнүн жалпы энергия керектөөсүнүн 40%ын түзөт.
Азыркы абал
Кыргызстанда кайра жаралуучу энергетиканын өнүгүүсү бир топ артта калууда. Өкмөт тарабынан бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик механизмдер алигиче жеткиликтүү деңгээлде иштелип чыга элек.
2005-жылдан бери Кыргызстанга кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди түзүү жана бул багытта иш алып баруучу өзүнчө мамлекеттик орган уюштуруу сунушталып келет.
Бирок азыркыга чейин бул маселени өлкөнүн Энергетика министрлиги гана көзөмөлдөп келет. Ал эми тиешелүү мыйзамдар кабыл алынганы менен, аларды ишке ашыруучу механизмдер али жок.
Серепчилер бир нече жолу энергетика тармагындагы чечүүчү адамдар мындай маселелерди талкуулаган иш-чараларга дээрлик катышпай турганын белгилешкен.
2020-жылдан кийин аз да болсо жылыш байкалган, бирок дагы эле көптөгөн укуктук жана техникалык маселелер чечилбей келет:
• Жерлерди кайра профилдештирүү маселелери мыйзамдык жактан жөнгө салына элек,
• Кайра жаралуучу энергия булактарын жалпы энергетикалык түйүнгө кошуу боюнча техникалык шарттар жана талаптар толук иштелип чыга элек.
Ошого карабастан, эффективдүү жылуулук жана электр камсыздоо чечимдерине суроо-талап өсүүдө. Бул кайра жаралуучу энергия технологияларын камсыз кылуучу компаниялардын көбөйүшүнө жана ар кандай тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасынын топтолушуна алып келүүдө.
Мындай долбоорлор көбүнчө пилоттук жана демонстрациялык мүнөзгө ээ болуп, коомдук мекемелерде эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылууда. Кээ бир учурларда, кызыкдар болгон ишканалар өз чыгымдарын оптималдаштыруу максатында бул технологияларды колдонуп келишет.
Жыйынтыктап айтканда, акырындык менен кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүгө керектүү негиздер түзүлүп жатат. Туура ыкма колдонулса, энергетикалык секторду көп түрдүү энергия булактарын пайдаланууга жана натыйжалуулугун жогорулатууга багыттоо толук мүмкүн.
Эмне тоскоол болууда?
Негизги тоскоолдук – электр энергиясы менен жылуулуктун баасынын төмөндүгү. Энергияны колдонуу үнөмдөөчү же энергияны эффективдүү пайдалануу технологияларына жана кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭ) кошумча энергия өндүрүүгө караганда арзаныраак болуп жатат.
Бул фактор башка кайра жаралуучу энергия булактарынын (биогаз, шамал, күн энергиясы, чакан ГЭСтер ж. б.) өнүгүшүн дагы артка сүрүүдө. Анткени, алар бар болсо да, гидроэлектростанциялар жана көмүр электр станциялары өндүргөн электр энергиясына салыштырмалуу кыйла кымбат турат.
Кыргызстандын энергетика тармагына акыркы 15 жыл ичинде 2 миллиард доллардан ашуун инвестиция салынган. Бул каржылоонун натыйжасында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, элдин тарифтердин көтөрүлүшүнө даярдыгы жогорулашы мүмкүн.
Бирок коомчулукта электр энергиясы жана жылуулук тарифтерин жогорулатуу тууралуу маселе «тыюу салынган» темага айланган. Бирок муну кечиктирген менен, баары бир бул процесс качандыр бир убакта ишке ашышы керек. Анткени, совет доорунан калган энергетикалык системалардын техникалык ресурсу бар, бирок ал түгөнгүс эмес. Ошондуктан азыркы учур — энергокризисти коомдук толкундоолорсуз чечүүгө эң ылайыктуу мезгил.
Энергетика тармагына салынып жаткан инвестициялар негизинен насыя каражаттары болуп саналат. Бул карыздарды көйгөйсүз кайтаруу жана экономиканын башка тармактарына зыянын тийгизбөө үчүн энергетика өзүн-өзү каржылаган тармакка айланышы керек. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, тарифтерди өзүн-өзү актоого өткөрүү – бул ар дайым саясий чечим жана узак мөөнөттүү каржылык туруктуулуктун ачкычы болуп эсептелет.
Кайра жаралуучу энергия технологияларын колдонуп жаткан колдонуучулар арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана сурамжылоолор энергетика тармагындагы негизги көйгөйлөр мурдагыдай эле чечилбей турганын көрсөттү. Алардын катарында:
• КЖЭ-установкаларды долбоорлоодо жана иштеп жаткан энергия менен камсыздоо тутумуна интеграциялоодо кыйынчылыктар. Ар бир объектке жеке тандоо жүргүзүлүшү керек, бирок бул үчүн типтүү чечимдер жана КЖЭ долбоорлоонун так көрсөтмөлөрү жок.
• Энергетика рыногунун катышуучулары (суу колдонуучулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, энергия менен камсыздоочу компаниялар жана жеке колдонуучулар) ортосундагы мамилелерди жана эсеп-кысап иштерин жөнгө салуучу механизмдердин жоктугу.
• КЖЭ-установкаларды орнотуу, туташтыруу жана техникалык тейлөө иштерин аткара турган квалификациялуу адистердин жетишсиздиги.
• Баа маселеси – кайра жаралуучу энергия технологияларына болгон суроо-талаптын төмөндүгү өлкөгө алдыңкы жабдууларды аз көлөмдө алып келүүгө себеп болууда. Бул фактор технологиялардын наркынын жогору болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет.
Бүгүн эмне кылуу керек?
Өнүгүүнүн багытын өзгөртүү керек. Сапаттуу трансформациялар зарыл. Өкмөт кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүнү камсыздаган программаларды иштеп чыгып, мыйзамдарды өркүндөтүп, бул өтүүнү каржылоого жана өзү да бул процесске активдүү катышууга тийиш. Бул иштердин баары бардык кызыкдар тараптардын – мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандардын катышуусу менен ишке ашырылышы зарыл.
Коммерциялык эмес уюмдар Кыргызстан өкмөтүнө төмөнкү практикалык сунуштарды иштеп чыкты:
• Коомчулукка кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө кеңири маалымат берүү максатында сапаттуу маалыматтык кампания жүргүзүү. Кампания ВИЭнин колдонуу чөйрөсү, тандоо ыкмалары, орнотуу жана эксплуатациялоо чыгымдары, энергияны үнөмдөөдө жана ыңгайлуулукту жогорулатууда реалдуу пайдасы тууралуу так маалыматтарды камтышы керек. Бул жарандардын экологиялык аң-сезимин жогорулатып, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого жоопкерчилигин күчөтөт.
• Колдонуучулардын энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу энергия булактарына болгон кызыгуусун арттыруу чараларын кабыл алуу. Бул электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди жогорулатуу сыяктуу стимулдаштыруу механизмдери аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
• Энергияны үнөмдөөчү жана энергияны натыйжалуу пайдаланган жабдууларды, ошондой эле ВИЭ-установкаларды өндүрүү үчүн өлкө ичинде шарттарды түзүү. Бул импорттон көз карандылыкты азайтууга багытталган.
• «Кайра жаралуучу энергия жөнүндө» мыйзамдын негизинде ВИЭ-оборудование жеткирүүчүлөрүнүн жоопкерчилигин жөнгө салуу. Бул жабдууларды сатуудан кийин алардын сапатын жана иштөө мөөнөтүн камсыз кылуу үчүн зарыл, анткени «бир жолку сатуудан пайда табуу» принциби жашыл технологиялардын беделине доо кетирет.
• Билим берүү мекемелеринде атайын программаларды киргизүү аркылуу жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Бул адистер энергияны үнөмдөө, кайра жаралуучу жана альтернативдүү энергетика тармактарында иш алып барышы керек.
• Кыргыз Республикасынын «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» мыйзамына энергия сервис компанияларын өнүктүрүү боюнча жоболорду киргизүү. Бул кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн маанилүү, анткени энергосервистик келишимдер арзаныраак, жеңил жана натыйжалуу болот.
• Энергетика саясатын акыркы керектөөчүнүн энергияны үнөмдөө аракеттери менен тең салмакташтыруу. Бул электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү менен катар, аны натыйжалуу колдонууга шарт түзүшү керек.
Кайра жаралуучу энергетика технологияларына өтүүнүн артыкчылыктары
• Парник газдарынын бөлүнүшүн кыскартуу – климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясы (РКИК ООН) алдындагы өлкөнүн милдеттенмелерин аткарууга салым кошот. Табигый процесстердин эсебинен үзгүлтүксүз жаңыланып турган энергияны колдонуу – парник газдарынын бөлүнүшүнө эл аралык ыкмалар боюнча таасир этпейт жана климаттын өзгөрүшүнө алып келбейт.
• Нефть продукцияларын импорттоону кыскартуу – сырттан ташылып келинген энергетикалык ресурстарга болгон көз карандылыкты азайтуу өлкөнүн төлөм балансынын жакшырышы менен макроэкономикалык туруктуулугуна өбөлгө түзөт.
• Энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу – энергия булактарын ар түрдүүлөндүрүү аркылуу электр энергиясынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
• Бардык керектөөчүлөр үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү энергия менен камсыз кылуу – шаардык жана айылдык аймактардагы бардык жарандарга жеткиликтүү энергия менен камсыздап, алыскы айылдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
• Жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү – жеке сектор менен мамлекет үчүн «жашыл сертификаттарды» сатуу аркылуу киреше алуу, абанын булганышын кыскартуу (жылуулук электр станциялары көмүр кычкыл газы, азот жана күкүрт оксиддери сыяктуу зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат), шаарлардагы смог маселесин чечүү.
Ошентип, кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуп, келечек муундарга таза жаратылышты жана ишенимдүү энергетикалык ресурстарды калтырат.

Айгерим Кубатбекова
Редактору: Назира Жусупова