Кыргызстан боюнча мамлекеттик кызматкерлер үчүн уюштурулган медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча мастер-класстар ийгиликтүү өткөрүлүп, катышуучуларга маалыматты сын көз менен талдоо, санариптик алдамчылыктарды таануу жана фейктерге каршы туруу боюнча практикалык билимдер берилди.
Бул иш-чаралар Жамааттык Медиалардын Бирлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле Internews уюму тарабынан ишке ашырылып, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Мастер-класстардын маанилүүлүгү жана жетишкендиктери
Медиа сабаттуулуктун негизги принциптери, санариптик алдамчылыктардын алдын алуу, жалган маалыматтарды жана манипуляцияларды таануу, ошондой эле расмий маалымат булактары менен иштөө сыяктуу темалар талкууланды.
Катышуучулардын пикири боюнча, мастер-класстар абдан пайдалуу болуп, алардын ишинде жана күнүмдүк жашоосунда сынчыл ой жүгүртүүнү жана маалыматты туура анализдөөнү колдонууга чоң өбөлгө түздү. Маселен, «Ноокат таңы» гезитинин башкы редактору Нуркамил Абдуллаев бул иш-чараны «фейктер менен фактыларды айырмалоо боюнча эң жакшы тажрыйба алмашуу» деп баалады. Ошондой эле, ал маалыматтык коопсуздук маселеси бүгүнкү күндө өтө актуалдуу экенин белгилеп өттү.

«Ноокат таңы» гезитинин башкы редактору Нуркамил Абдуллаев
Мугалимдер жана мамлекеттик кызматкерлер да бул мастер-класстар алардын ишинде өтө пайдалуу болгонун айтышты. Мисалы, Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин информатика мугалими Бактыгүл Баргыбай кызы «Жалган маалыматка ишенүү финансылык жана психологиялык оор зыянга алып келиши мүмкүн» деп, маалыматты ар тараптан текшерүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Нарын шаарында өткөрүлгөн иш-чаранын катышуучусу Гулзат Абылова медиа сабаттуулук боюнча көп жаңы нерселерди үйрөнгөнүн белгилеп: «Медиа сабаттуулук боюнча мастер-класста пайдалуу маалыматтар көп болду. Анын ичинен мен деле көп терминдерди билчү эмес экенмин, мисалы: дезинформация, мисинфорация деген сыяктуу. Семинарда кеңири түшүнүк алдык. Санариптик шылуундардын тузагына илинбөө үчүн медиа сабаттуулуктун орду чоң экенин айткым келет», – деп өз оюн билдирди.
Дагы бир катышуучу, Жолдошова Гулайым, медиа сабаттуулук боюнча окутуулар жергиликтүү калкка, айыл жерлеринде дагы өткөрүлсө жакшы жыйынтыктар болмок деген сунушун айтты.

Каракол шаарындагы мастер класс
Каракол шаарында болгон иш-чаранын катышуучусу муниципалдык аймактык башкармалыктын адиси Турат Сыдыков мастер-класстан кийин алдамчыларга жооп берүү боюнча керектүү билимдерди алганын белгиледи: «Бүгүн көп нерсе үйрөндүм, мисалы буга чейин эгер мошенниктер чалып калса эмне деп жооп беришти билбейт элем. Бул семинардан кийин кандай жооп бериш керек, кандай маалыматты такташ керек, кандай реакция кылыш керек экенин үйрөндүм. Семинардын алып баруучуларына чоң рахмат, иштерине ийгилик каалайм».
Дагы бир катышуучу, Айнура Такырбашева, Каракол шаарында өткөн иш-чара боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: «Бүгүн семинар абдан пайдалуу болду. Өзгөчө mediamap.kg сайты мага абдан жакты, мошенничестводогу терминдерди үйрөндүм. Сынчыл болууну, маалыматты өздүк булактан тактоону үйрөндүм».

Катышуучулардын таасирлери жана сунуштары
Медиа сабаттуулук боюнча тренингдердин катышуучулары мындай иш-чаралар кеңири масштабда өтүшү керектигин белгилешти. Талас шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Камила Тургунбекова семинарда алган билимдерин ишинде колдоноорун жана мэриянын маалыматтык саясатын жакшыртуу үчүн пайдаланаарын билдирди.
Андан тышкары, катышуучулар mediamap.kg интерактивдүү картасынын мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалашты. Бул платформа жалган маалыматты көзөмөлдөөгө жана аны аныктоого жардам берет.
Бул мастер-класстар өлкө боюнча 350дөн ашуун мамлекеттик кызматкерди камтып, алардын медиа сабаттуулугун жогорулатууга чоң салым кошту. Катышуучулар алган билимдерин өз кесиптештери менен бөлүшүп, жалган маалыматтарга каршы күрөштө активдүү позицияда болорун билдиришти.
Жамааттык Медиалардын Бирлиги жана өнөктөш уюмдар бул багытта мындан ары да иш алып барып, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди ишке ашырууну пландашууда.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.