Бул комикс Жамааттык Медиа тарабынан майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жана аларга карата дискриминацияны азайтуу максатында даярдалды. Коомдо көп учурда алар мүмкүнчүлүгү чектелген эмес, тескерисинче, аларга шарт түзүлбөгөндүктөн көп кыйынчылыктарга туш болушат.
Комикс майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптер, тең укуктуулук маселелери жана инклюзиянын маанилүүлүгү тууралуу баяндайт. Бул чыгарма аркылуу биз ар бир адамдын коомдук жашоого толук кандуу катышууга укуктуу экенин эскертип, башкаларды тең укуктуулукту колдоого чакырабыз.
Келгиле, инклюзивдүү жана адилеттүү коомду чогуу куралы!
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.