Быйыл өлкөдө биринчи жолу 15-март күнү аталар күнү белгиленип жатат. Токтогул районунда дагы Аталар күнү белгиленди. Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, ардактуу аталар жана шаар тургундары катышты.


Иш-чаранын алкагында маданият кызматкерлери тарабынан аталардын коомдогу орду, кадыр-баркы жана таалим-тарбиясы тууралуу сценкалар көрсөтүлүп, баяндамалар жана чыгармалар тартууланды.

Мындан тышкары, аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп, келечек муунга татыктуу жана үлгүлүү тарбия берген аталар райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы N 145 Мыйзамына ылайык жыл сайын 15-мартта Аталар күнү, ал эми май айынын 3-жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.
Даярдаган:Азема Сабырбековна