Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024- жылдын 26- июнундагы #145 «Аталар жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамынын 3- беренесин аткарууга алуу жана үй — бүлө институтун бекемдөө максатында 5-6-класстын окуучулары жана ата- энелери менен биргеликте «Үлгүлүү ата жана апа балдардын көз карашы менен» аттуу спорттук иш чара өткөрүлдү.
Спорттук иш чарага жалпы 5- 6- класстан жалпы 10 ата- эне катышты. Иш чарада окуучулар ата- энелери менен биргеликте программа боюнча саламдашуу, дубал газета, команданын атын жактоо, флешмоб, кызыктуу спорттук оюндарды көрсөтүштү.
Ата- энелер, окуучулар активдүү катышып беришти.
«Күн нуру» командасы
Дөңгөлөктүн ичинде жарышуу оюну
«Сөз табуу» оюну
Жюрилер
Командалар
«Бийиктик» командасы
6- класстын ата- эне, окуучулары
5- класстын окуучулары, ата- энелери
Сүрөт тартуу оюну
Аркан тартыш оюну
Жыйынтыгында 6- класстын ата- энелери, окуучуларынын «Бийиктик» командасы 1- орунга , 5-класстын ата- эне, окуучулары менен түзүлгөн «Күн нуру» командасы 2- орунга ээ болуп кызыктыруучу сыйлыктар , грамота менен сыйланып жана ата- энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
А.Алымкулова