Токтогулда 8-Март — Аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Ага райондогу мекеме-ишканалардын, айыл аймактардын айымдары катышып, майрамдык маанайда өттү.
2025-жылдын 7-март күнү райондук мамлекеттик администрацияда аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы А.А. Тюкебаев айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, райондук администрация тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Ал өз сөзүндө айымдардын коомдогу маанилүү ордуна токтолуп, аларга болгон ыраазычылык билдирип, өзгөчө күндө жакшы тилектерин айтты.
Иш-чаранын алкагында райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин уюштурган концерттик программасы тартууланды. Аялдар өздөрүн кубанычтуу, чыгармачыл атмосферада сезишти.
Бул күнү айымдар үчүн өтө маанилүү экендиги белгиленди, анткени алар коомдун өнүгүшүнө, үй-бүлөнүн жылуу атмосферасына өз салымдарын кошуп келе жатышат.
Майрамдык иш-чара 7-март күнү айымдарга арналып уюштурулган белектер жана маанилүү сөздөр менен майрамдык маанайда өттү!
Даярдаган; Азема Сабырбекова.