Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин тескемесине ылайык Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызмат ордуна Аттокуров Кутубек Нуржанович дайындалды.
Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондун активине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Аттокуров Кутубек Нуржановичти тааныштырды.
Аттокуров Кутубек Нуржанович 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Куйбышев айылында туулган, улуту кыргыз, билими жогорку.
Эмгек жолу:
— 1994-жылы “Келечек” дыйкан чарбасында жумушчу;
— 1999-2010-жылдары Жаӊы-Жол айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкери;
— 2004-2008-жылдары Жаӊы-Жол айылдык кеӊешинин депутаты;
— 2010-2011-жылдары Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жаштар иштери боюнча адиси;
— 2011-2018-жылдары “Келечек” дыйкан чарбасынын жетекчиси;
— 2016-2020-жылдары Жаӊы-Жол айылдык кеӊешинин депутаты;
— 2011-2018-жылдары “Билайн” компаниясынын аймактык жетекчиси;
— 2018-2021-жылдары “Мегаком” компаниясынын аймактык жетекчиси;
— 2023-жылдын 10-майынан 2025-жылдын 12-мартына чейин Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Даярдаган: Азема Кудуева