“Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин” жана “Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө” карата Кочкор районунда мекемелер арасында мелдеш болуп өттү.
Ж.Тойгонбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин мугалим-устаты Айнура Аскарова:
«Биз мелдешке лицейден негизи жетөөбүз катыштык. Анын ичинен үчөөбүз орундарга ээ болдук. Бул иш чара “Дене тарбия жана спрот кызматкерлелдин” жана “Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө” карата райондук администрация тарабынан уюштурулду. Мелдеш спорттун жеӊил атлетика түрү боюнча болду. Өткөрүлгөн мелдешке райондогу мекеме жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Мен өз оюмду айта кетсем, бул нерсе мага жакты. Бизде Кочкор районубузда ушундай иш чаралар көп болуп турса, бардык эле адамдарга жана жаштарга да жакшы болмок».
Лицейдин директору Улан Бердигул уулу 2-орунду камсыздаса дене тарбия мугалими Үсөн Карамакеев да 2-орунду камсыз кылды.
Туризм группасынын мугалим-устаты Айнура Аскарова 3-орунду камсыздады.
Бул мелдештин максаты спортту өнүктүрүү, жалпы эмгекчилердин ден-соолугун чыӊдоо жана алардын мамилесин жакшыртуу максатында болду.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова