Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде «Ааламга саякат» аттуу тренинг өткөрүлүп, ага Польша өлкөсүнөн келген өкүл Эвелина Градзка айым жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара окуучуларга билим берүүдө заманбап технологияларды колдонуу менен теориялык жактан сапаттуу терең билим берүү, окуучулардын билимге болгон жөндөмүн, шыгын арттыруу. жана астрономия сабагын практика жүзүндө дагы өздөштүрүүсүнө жардам берүү максатында уюштурулду.
Келген меймандар телескопту окуучулар, мугалимдер кандай деңгээлде пайдаланып жатканына күбө болушту жана астрономия сабагынан жаңы программалар боюнча мугалимдерге тренинг өтүлдү.
Ал эми окуучулар Марстагы жашоону элестетүү менен макеттерди жасашып, жактап беришти жана жылдыздардын жаралышы боюнча сценкаларды аткарышты.
Мектептин физик-астрономия мугалими Оңолбек Орособек уулунун маалыматына караганда атайын долбоордун алкагында эки ирет окуудан өтүп келген.
«Ар бир окуудан кийин берилген тапшырмаларды аткарып, жиберип турдук. Телескопту биринчи окуудан кийин мектепке алып келгем. Долбоордун шарты боюнча мектепке тренинг же семинар өтүшүбүз керек болчу. Курста абдан көп, пайдалуу нерселерди үйрөндүм»,- дейт.
Иш-чаранын катышуучулары Эвелина Градзка менен бирге телескоп аркылуу күнгө байкоо жүргүзүштү. Мындан сырткары башка мектептен барган физик мугалимдер польшалык меймандарга бул багыттагы долбоор менен иштөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Барчын Мамытбекова