Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде физика сабагы боюнча мугалим Анара Шанкаева окуучуларга жылдыздар жөнүндө практикалык иш жүргүздү.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин физика сабагынын мугалими Шаарбүбү Калдыбай кызы балдарга астрономия сабагынан ийрим уюштуруп, жылдыздар тууралуу үйрөтүп келет. Бул ийримде балдар жаңы телескоп менен жылдыздарга байкоо жүргүзүп, космос …
Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин астрономия сабагы боюнча ийримдин окуучулары республика боюнча өткөн конкурска катышып, жай айларында Ысык-Көлдө өтүлүүчү лагерге жолдомо утуп алышты.
Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде «Ааламга саякат» аттуу тренинг өткөрүлүп, ага Польша өлкөсүнөн келген өкүл Эвелина Градзка айым жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чара окуучуларга билим …
Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебине «Жалпы асман алдында» польшалык ассоциациясы жана «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду тарабынан «Sky Watcher» телескоп берилди.
Кыргыздын байыркы Үркөр- Ай жыл дүйнөдөдө колдонулуп жүргөн жылсанактардан айрымаланып үркөрдүн чыгышына жана Айдын сидерикалык ( планетанын Күндү толук бир айлануу мезгили) мезгилине негизделген өзгөчө астрономиялык жылсанак.