Кыргыздын байыркы Үркөр- Ай жыл дүйнөдөдө колдонулуп жүргөн жылсанактардан айрымаланып үркөрдүн чыгышына жана Айдын сидерикалык ( планетанын Күндү толук бир айлануу мезгили) мезгилине негизделген өзгөчө астрономиялык жылсанак.
Байыркы кыргыз эли мал чарбачылыгына дыйканчылыкта Үркөр – Ай жылсанагын колдонуп келишкен.Бештин айы — 22 — мартта башталып , Ай жаңыргандан 5 — күнү тогоол болот.»Беш тогоолдон кийин бешиктеги бала тоңбойт».
Үчтүн айы — 18 — апрелде башталып , Ай жаңыргандан 3 — күнү тогоол болгондон кийин Үркөр батып кетет . «Үркөр ооп жаз келди», «Үркөр жерге түшпөй жер кызыбайт».Бул айда көк чыгып , кош айдоо башталат . Үркөр батканга чейин кылкандуу дан эгиндерин (буудай , арпа ) сээп бүтүш керек . Үркөр баткандан кийин кара эгиндер (жүгөрү , таруу ,күрүч) себүү керек .
Бирдин айы — 16 — майда башталат . Бул айда Ай жаңырган күнү тогоол болот.
Арсар ай — 13 — июндан башталат . Бул айда Үркөр 15 — 20 — июндан кийин көрүнүп калат . Үркөр чыккандан кийин кымыздын дарылык касиети азайып калат. Дары чөптөрдүн айрымдарын Үркөр чыкканга чейин, айрымдарын чыккандан ки йин теришет.
Жалган куран — 11 — июлда башталып, бул айда Ай жаңыргандан 23 — күндөн кийин Үркөр тогошот. Бул айда тоо этегинде жашаган эликтер семирип куутка даярданышат.
Чын куран — айы 8 — августа, Ай жаңыргандан жыйырма бир күндөн кийин Үркөргө тогошот. Сегиз айдан кийин май — июнда тууйт.
Бугу айы — 5 — сентябрда башталып, Ай жаңыргандан 19 — күнү Үркөрго тогошот. Бул айда мергенчилер семирген бугуга ууга чыгышкан.
Кулжа айы — 3 — октябрда башталып, Ай жаңыргандан кийин 17 күнү тогоол болот. Бул айда кулжа семирет.
Теке айы — 31 — октябрда башталып, Ай жаңыргандан 15 — күнү тогоол болот. Бул айда тоо текелери семирип, ага ууга чыгышкан.
Жейрен айы — 28 — ноябрда башталып, Ай жаңыргандан 13 — күнү тогоол болот. Кышында мергенчилик талаа кийгине кезек келет.
Бөкөн айы — 26 — декабрда башталып, Ай жаңыргандан 11, күнү тогоол болот, бул айда бөкөнгө ууга чыгышат.
Тогуздун айы — 23 — январда башталып, Ай жаңыргандан 9 — күнү тогоол болот.
Жетинин айы — 20 — февралда башталып, Ай жаңыргандан 7 — күнү тогоол болот.
Азыркы доордо жазгы күн теңелүү 21 (20) — мартта болгондуктан Үркөр — Ай жыл санагы ушул күндөн башталат.
А. Калыбеков » Кыргыз элинин асман кубулуштары жөнүндө билимдери жана жылсанагынын астрономиялык негиздери» китебинен алынды.
Даярдаган: Нурматова Айсулуу