Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде физика сабагы боюнча мугалим Анара Шанкаева окуучуларга жылдыздар жөнүндө практикалык иш жүргүздү.
Физика мугалими Анара Шанкаева сабак өтүүдө
Бул иш-чарага 9- класстын окуучулары катышты.
Майрам Барпиева: «Физика илимин механикалык илим деп түшүнсөк болот. Күндөлүк турмуштун илими. Аалам – бул мейкиндикти изилдөө болуп саналат. Практикалык иште жылдыздарды билдик. Алтын казык жылдызы жылдыздардын борбору болуп эсептелинет. Анткени ал баарынан жарыгы. Мындан башка дагы Кичи Жетиген, Чоң Жетиген, Лира жылдыздарын изилдеп сүрөтүн түшүрдүк. Бүгүнкү сабак мага аябай жакты мага чоң таасир берди десем жаңылышпайм».
Чынар Чойбекова: «Жашообузду сүрөттөп берүүчү, табият илими бул – физика. Аалам жөнүндө айтсам, мисалы: күн, жылдыздарды, планеталарды бизди курчап турган нерселерди айтсак болот. Мен мега жылдызын түшүрдү .Ал ак жылдыз деп дагы аталат. Түндүк жарым шарда жарык жылдызы болуп саналат. Таңкы маалды кыргыздар ошого карата билишкен. Мындан башка Ормон, Чоң Жетиген, Кичи Жетиген жылдыздарын билдим. Көптөгөн нерселерди биле алдым».
Сауле Жолдошбекова: «Физика – бул табияттын мыйзамдарын үйрөтүүчү илим. Бизди курчап турган чөйрөнү аалам деп түшүнөбүз. Мен бүгүнкү сабакта Кичи Жетиген жылдызын изилдедим. Ал экиге Кичи Жетиген, Чоң Жетиген деп бөлүнөт. Кичи Жетиген түндүк жарым шардагы уюлга жакын жаркырак жылдызынын тобу. Практикалык иште жылдыздар менен толук тааныша алдым».
Гузель Алымкулова: «Жаратылышты изилдей турган илим бул – физика. Биздин курчаган айлана- чөйрө аалам болуп саналат. Жылдыздардан Персей жылдызын тааныдым. Ал түндүк жарым шарда жайгашкан. Башка жылдызга салыштырмалуу чоңураак. 88 топ жылдыздын ичинен 24 орунда турат. Аны К тамгасына окшоштурушат. Биз китептен гана окубастан бүгүн практикалык иш жүргүзүп тереңирээк маалымат алдык».
Бекжан Болотбеков: «Жаратылышты изилдей турган илим бул – физика. Бизди курчап турган чексиздик баарыбыз билгендей аалам. Мен Орион жылдызын билдим жана башка Чоң Жетиген, Сириус жылдызын тааныдым. Жылдыздар жөнүндө толук түшүнө алдым десем болот».
Хафиза Салморбекова: «Адамдын күндөлүк турмушу бул башкача айтканда физика илими. Мен практикалык иште Сириус жылдызын изилдедим. Ал а, б болуп экиге бөлүнөт. А чоң жарык жылдыз көзүбүз менен көрө алсак ,Б сын телескоп менен көрө алабыз . 27 °ка жетет. 88 топ жылдыздын ичинен көбүн таанып билип алдым. Кызыктуу маалыматтар болду».
Жылдыздарды тартуу
Практикалык иште окуучулар жалпы 88 топ жылдызы болсо, жарымынан көбүн өздөштүрө алышты.
Камила Коңурбаева