Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айыл өкмөтүнө караштуу Исмаил айылында Иса Отогул уулунун жаркын элесине арналган бокс боюнча ачык мелдештин ачылыш аземи жана жарым финалы болуп өттү.
Турнирдин катышуучулары
Иса Отогул уулунун жаркын элесине арналган ачык мелдешке Кыргыз Республикасынын жети дубанынан бокс боюнча машыктыруучулар жана спортчулар келип катышышты. Мелдеш мамлекетибиздин гимнин ырдоо менен башталып, андан соң Кызыл – Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Джылжымышов жети дубандан келген тренерлерди жана жаш спортчуларды аман-эсен келип алуулары менен чын жүрөктөн куттуктап, алдыдагы мелдеште ийгиликтерди багындырууларын каалап, каалоо-тилектерди айтуу менен мелдештин аземин ачып берди.
Кызыл – Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Джылжымышов:
“Спорт – бул адамдын ден – соолуктун булагы, сергек жашоону, денени чымыр алып жүрүүгө тарбиялайт. Андыктан жаштарыбыз уюштуруп жаткан мелешти айыл өкмөт тарабынан ар убак колдоо көрсөтөбүз. Союз убагынан бери бокс боюнча мелдеш биздин айыл өкмөттө алгач өтүлүп жатат, бул да болсо эң жакшы жөрөлгө. Жаштар уюштуруп жаткандыктан бул мелдеш Иса атабыздын жаркын элесине арналып жети дубандын жаш спортчуларынын башын бириктирип жогорку деңгээлде өтүп жатат.
Мелдештин жүрүшүнө айыл өкмөт тарабынан аз да болсо акчалай демөөрчүлүк көрсөттүк. Буйурса алдыда жылдан – жылга айылдын патриот жаштары, жигердүү, демилгелүү, демөөрчү инсандарыбыздын колдоосу менен салттуу түрдө спорттук мелдештерди өткөрүүнү пландоо менен жылына өткөрүп турууга кепилдик бере алабыз”,- дейт өз сөзүндө.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Джылжымышов
Исмаил айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Назирдин Бакирдинов:
«Өзүңөр билгендей мелдешти Гапар Исаев, атасы Отогул Иса уулунун жаркын элесине арноо ирээтинде Исмаил айылында уюштуруп жатат. Тактап айтканда, мелдешти уюштурууда Гапар уулубуз баардык чыгымдарды өз мойнуна алып, жеткиликтүү деңгээлде катышуучуларга шарт түзүп берди.
Андан сырткары демөөрчүлөр, Исмаил айылдык фонду тарабынан каржы маселеси чечилди. Мындай мелдештер биздин айылда өтүп жатканы биздин жаштарга жакшы түрткү берет. Буга мисал катары, биздин мектептин окуучулары дагы байгелүү орундарга ээ болушту. Бул мелдештин биздин айылда өтүшү жаштарыбыз үчүн алдыга умтулууга, айылдын өнүгүшүнө салым кошууга эң түрткү болду десем жаңылышпайм. Буйурса биздин жаш спортчуларыбыз өлкөбүздү Кыргызстанга гана эмес, Европа, Азияга тааныткан жаштардан болушуна тилектешмин. Өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда демекчи, спортчуларыбыз,эр азаматтарыбыз мекендин намысын коргогон жаштардан болушун көптөн-көп тилейм!”
Бокс боюнча Исмаил айылынында, Бишкек шаарында, Туркия жана Европа мамлекеттеринде машыктыруучу болуп эмгектенип келе жаткан Данияр Аргалиев өз сөзүндө: «Айылда өтүп жаткан турнир алгачкы турнир. Жеке өзүбүз баа бере кетсек Кыргызстандын төртүнчү, бешинчи дивизионунун деңгээлиндеги турнир болду.
Себеби, жети дубан боюнча эң мыкты бокс боюнча мушкерлер Ташкентте дүйнө чемпионатында күч сынашып жатат, Иса Отогул уулунун жаркын элесине арналган мелдеш менен дал келип калган. Эгерде ушул бойдон жылда өтүлүп, бюжетти кармала турган болсо буйурса албетте биринчи дивизиондогу боктун мушкерлерге чейин көтөрүлө турган турнир.
Ал эми спортчуларыбызга, мушкерлерибизге жана мамлекетибиздин жалпы жаштарына каалоо-тилектер менен бирге, кеп кеңештеримди айта кетсем, элди, жерди сүйгөн, эли-жери үчүн күйгөн, ата-энелерин урматтап, сыйлаган инсандардан болушсун.
Баса белгилеп айта кетсем, спорт пайда алып келсе пайдалуу жакта болуп спорт менен машыгыңыздар, эгерде кээ бирлерге спортко караганда башка жактан пайда көбүрөөк чыга турган болсо, ошол жакка өтүүсүн тилейт элем. Жапа тырмак баарыбыз эле спортсмен боло турган болсок, академиктер, мугалимдер, дарыгерлер кайдан чыгат. Ошон үчүн ар бири өзүнүн кесибин туура таап, туура жолго түшүп, тандаган жолунан берекесин таап, өзүнө, элге-журтка, бардык адам затка пайдалуу инсандардан болушун каалайт элем”, -деп өз оюу менен бөлүшүп кетти.
Насирдин Бакирдинов
Эске сала кетсек: Данияр Аргалиев бокс, кикбоксинг, ММА, күрөш, каратэ, тайбокс жана грэпплинг, джиу-джитсудан жаш спортчуларды тарбиялап келет. Учурда 100 дөн ашык КРнын чемпиондору, 600 гө жакын күмүш жана коло байге ээлери, 3 дүйнөнүн чемпиону, Азия чемпионатынын коло медалдарынын ээлерин тарбиялап, машыктырып келет.
Дүйнөлүк калыс Нагира Сарбашова
Айылым, элим деп талыкпастан мээнеттенип ачык турнирди өткөрүүдө, уюштурууда өз дем-күчү менен чуркап жүргөн жаштар спортунун активисти Тилек Таалайбек уулу өз сөзүндө: «Айылыбызда болуп жаткан ачык мелдештин демилгечиси, демөөрчүсү жана негиздөчүсү биздин айылдын жигердүү тургуну, кулуну Гапар Исаев байкебиз. Айылыбыздагы жаштар, балдар жоопкерчиликтүү, келечекке чечкиндүү көз караш менен караган, дени сак болуп, мамлекетибиздин Туусун чет өлкөлөрдө желбиреткен, келечектери кең болсун деп мындан 10 жыл мурда Исмаил айылындагы машыгуучу спорт залды оңдоп түзөө иштеринде демөөрчү болуп, ичиндеги машыгуучу груша, алып берген.
Машыгуучу спорт залдын ачылышында Гапар Исаевдин демилгеси менен Сокулук райондук деңгээлде бокс боюнча мелдеш өткөргөнбүз. Быйыл болсо айылдын «Жаштар коому» жети дубан ичинде ачык мелдеш өткөрсөк деген сунушубузду билдирсек, байкебиз колдоп, коштоп, демилгени өз колуна алып, демөөрчү болуп иш-чараны өткөрүүгө жети дубандан келген спортчуларга көпүрө болуп берип олтурат. Бүгүнкү Иса Отогул уулунун жаркын элесине арналган ачык мелдешке Гапар Исаев байкебиз жүйөлүү себептерден улам катыша албай калды, буйурса алдыда боло турган финалдык беттеште сөзсүз келип күбө болуп, өз каалоо – тилектерин билдирүү менен бирге маек бермекчи. Ошондой эле учурдан пайдаланып, иш-чараны уюштурууда демилгечи, демөөрчү биз сыймыктанган байкебиз Гапар Исаев, талыкпаган мээнеттери үчүн жаштар коомунун мүчөлөрү Кенжебек Мырзабеков, Санжар Султанов жана Данияр Өмүрбек уулу, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Джылжымышовго, Исмаил айылынын тургундары, мектебибиздин мугалимдер жамааты, окуучуларына жана “Конок “жамааттык мультимедиа борборунун эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз».
Айдай Джолчубекова,
Нурайым Кеңешбекова