Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин астрономия сабагы боюнча ийримдин окуучулары республика боюнча өткөн конкурска катышып, жай айларында Ысык-Көлдө өтүлүүчү лагерге жолдомо утуп алышты.
Бул конкурска аталган мектептин физика сабагынын мугалими Шаарбүбү Калдыбай кызы окуучулары менен катышып, ийримдин иши, максаты тууралуу айтып берди:
«Биздин мектепке 5 жыл мурун Көөнөрбөс Мурас коомдук уюмунун жетекчиси Бегайым Мурзалиеванын жардамы менен чоң телескоп долбоор аркылуу келип, астрожайлоо ийрими ачылган жана аны мен жетектеп келем.
Анын негизинде мектепте көптөгөн сабактар, кружоктор өткөрүлүп келет. Телескопту Польшадагы «Под общим небом» деген коомдук уюмдун жетекчиси Эвелина Градцка алып келип, өзүнүн жылдыздарды изилдөөдөгү тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Быйыл болсо телескоп менен иштөөнү дагы да өнүктүрүү максатында Кыргызстан боюнча телескоп бар 16 мектепке конкурс жарыялап, ага биз дагы катыштык.
Конкурстун шарты боюнча Эвелина өзү келип ийримдин бир сабагына катышып кетти, андан тышкары окуучулар тест тапшырып, жыйынтыгында 10 окуучу менен бирге Ысык-Көлгө жайкы лагерге жолдомо алдык. Ал жерден эс алуу менен бирге тренингдер дагы өткөрүлөт. Андан кийинки этабында Польша мамлекетине сентябрь, октябрь айларында окутууга жолдомо алуу болчу, анда 16 мугалимден 9 мугалим жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ал эми Эвелина келгенде окуучулар планеталардын макеттерин өздөрү жасашып, көргөзө алышты. Мурун стеллариум программасы компьютерде болсо, биз анын телефон менен колдончу версиясын колдондук.
Бул программа аркылуу жылдыздарга окуучулар каалаган мезгилде байкоо жүргүзө алышат жана ар бир жылдыз же планета тууралуу маалымат ала алышат.
Андан сырткары, телескоп менен иштешип, түндүк уюлдан гана чыккан жылдыздарды колго жасалган макеттерге түшүрүштү. Эвелина Градцкага өзгөчө ошол макеттер жакты, колго жасалса дагы стандарттык макеттерге окшошуптур деп, таң калып жатты. Кийин бул макеттерди башка мектептерге үлгү катары көрсөтөөрүн белгилеп кетти. Жайкы лагерде дагы ушул макеттерди презентация кылып берүүбүздү өтүндү.
Жыл иштерин жыйынтыктоо максатында окуу жылынын аягында дагы бир иш-чара өткөрдүк. Бул иш-чаранын максаты – эмки жылга дагы окуучуларды астрономия илимине шыктандыруу, жогорку гана класс менен чектелбей башталгыч класстарды дагы кошуу максатында, ата-энелер менен биргеликте өткөрдүк.
Биринчи класстын окуучуларына жылдыздар планеталар жөнүндө түшүнүк берип, 3D карточкалар менен иштедик. Анда окуучулар абдан кызыгуу менен катышышты. Бул кружокко окуучулар абдан кызыгышат жана мындан ары дагы жаңылануунун үстүндө иштей беребиз.»
Асел Үркүнбаева, Айназик Асылбек кызы