Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин жалпы жамааты кыз-келиндер арасындагы спорттук оюндардын кезектеги айлампасын өткөрдү. Бул жолу мелдешке 5 команда катышып, спорттун волейбол жана аркан тартыш түрлөрү боюнча күч сынашты.
Командалар кызуу оюн көрсөтүшүп, жыйынтыгында өтмө кубок Жаңы-Тилек айылынын командасына өткөрүлдү.
Бул оюнда волейбол боюнча 1-орунду М.Балбаков мектеби, 2-орунду Аялдар кенеши камсыз кылса, 3-орунга жалпы дарыгерлер практикалык борборунун (ЖДПБ) командасы татыктуу болду. Ал эми аркан тартышта «Тынчтык» бала бакчасы күчтүүлүк кылып, 1-орунду алышты. 2-орунга Аялдар кенеши жеңп алса, 3-орунга жалпы дарыгерлер практикалык борборунун командасы чыкты.
Зарина Бейшеналиева