Акталаа районунун Баетов айылындагы майыптыгы бар 3 тургунга «Эне-балага тирек» коомдук фондусу жана «Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен майып араба тапшырылды.
Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Сагын Жакееванын айтымында аталган тараптарга атайын кайрылуу жолдошкон.
Сагын Жакеева Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери
«Бул пульт менен башкарылуучу майып арабалар кымбат турат. Мамлекет камсыз кыла албайт. Ошол себептүү мындай учурларда демөөрчүлөрдү издөөгө туура келет. КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан дагы майып арабалар беш жылда бир берилип турат. Бирок аларды бирөөнүн жардамы менен башкаруу керек болот. Ал эми азыркы арабалар ыңгайлуу. Муктаж болгон жаран өз алдынча башкара алат»,- дейт.
Учурда Баетов айыл аймагында 400гө жакын дене мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Булардын ичинен 362си ар кыл курактагы тургундар болсо, калганы жашы келгенине байланыштуу ардагерлер (пенсионерлер).
Барчын Мамытбекова