Кыргызстанда ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросу жана БУУөП тарабынан ишке ашырылган “Онлайн коомчулуктун акселератору” пилоттук долбоору ишке кирди. Анын бет ачары 7-июнда алдын ала тандалган 6 жарандык уюмдун өкүлдөрү катышуусунда болуп өттү.
«Бул пилоттук долбоор жарандардын социалдык биримдигине, жарандык активдүүлүккө жана адвокатурага тартууга багытталган жаңы коомдук демилгелерди жаратат деп ишенебиз», — деди Айжан Кыдыралиева, ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросу.
Долбоордун негизги максаттарынын бири – инновациялык, онлайн маалымат ресурстарын колдонуу менен коомдогу актуалдуу көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн жарандарды чогултуу. Дженни Жениш кызы, Кыргыз Республикасындагы БУУөПтүн лабораториясынын акселератору- долбоордун максаттары жана милдеттери менен тереңден тааныштыруу үчүн “Ой жүгүртүүнүн дизайны” ыкмасын колдонуу менен 6 жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте өкмөттүк эмес уюмдардын онлайн маалымат кампанияларын ишке ашыруудагы көйгөйлөрүн аныкташты. Мындай мамиле коомдун жана жарандардын суроо-талаптарына эффективдүү жана ыкчам жооп берүүгө жардам берет.
Эске салсак, пилоттук долбоорго Коомдук талдоо институтунун, Жарандык өнүктүрүү борборунун, Жамааттык ЖМКлардын ассоциациясынын, «Шоола Көл» коомдук бирикмесинин, «Текайым» бейөкмөт уюмунун жана «Кыргыз Республикасындагы кургак учук менен күрөшүү» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышууда.
Эки айдын ичинде долбоордун катышуучулары жер-жерлерде элеттин көйгөйлөрүн чечүү үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун, критикалык ой жүгүртүүнүн элементтерин өздөрүнүн маалыматтык кампанияларына киргизүү, маалыматтык кампанияларды башкаруу, монетизациялоо көндүмдөрүн өздөштүрүүгө, ошондой эле коомчулуктун социалдык биримдигинин негизги принциптерине онлайн түрдө окутулат.
Окутуу курсунун жыйынтыгында жарандык уюмдар тренерлердин насаатчылыгы астында социалдык биримдикке багытталган онлайн маалыматтык кампаниясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Тренер катары Айзада Калканбекова- Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Ассоциациясынан, Алмаз Исманов-Prevention Mediaдан чакырылган. Ошондой эле катышуучулар бизнестин, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте өз иш пландарын талкуулоого жана түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.