Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Рахатбек Эсенгуловдун үй-бүлөсү туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга аракет кылып келишет. Алар биринчи кезекте таштандыны бөлүп таштоону үйрөнүшсө, азыркы учурда жоопкерчиликтүү керектөө жагын колго алышууда.
Рахатбек Эсенгуловдун жубайы Нурия Түкөбекова ар бир буюмду эки, үч ирэт колдонгонго аракет кылат. Мисалы, базардан сатып келген азык-түлүк салынган целлофан баштыктарды жууп тазалап, сактап коет. Өз кезегинде аларды кайра колдонот. Ал эми пластикалык буюмдардан контейнерлер сыяктуу көпкө пайдалануучуларды колдонот. Көпчүлүк идиштердин ордун сыр идиштер толуктайт.
«Атабыз эколог болгондуктан биз жаратылышка кам көрүүнү унутпайбыз. Ар бирибиз таштандыларды бөлүп таштоону билебиз.
Чындыгында өнүккөн мамлекеттерде мыйзам катуу каралат. Таштандыларды бөлүп таштоо мыйзамына баш ийишет. Андай мамлекеттерге барып келген туугандарыбыз да айтып келишет: «Көчөлөрүнүн тазалыгынан өзүң да таштандыңды ыргыткың келбейт», деп.
Эгерде ар бирибиз таштандыларды бөлүп таштасак, көчөлөргө ыргытпасак, алган буюмдарыбызды сарамжалдуу пайдалансак, анда биз деле экологиялык маданияттуу калк болобуз. Бирок мындай кадамды ар бир жаран ташташы керек, анткени экология барыбызга бирдей. Айлана-чөйрөбүздүн тазалыгы, Жер энебиздин тазалыгы — бул биздин ден соолугубуз. Бир адамдын колунан баары келе бербейт, ал үчүн кары-жаш дебей, баарыбыз бир нукта иш алып баруу жана келечек муунга экологолиялык маданияттуу болууну үйрөтүү зарыл.
Адамдар көбүнчө бир эле жолу пайдалана турчу буюмдарды сатып алышат. Колдонгондон кийин ыргытып жиберишет. Алар өз кезегинде таштандынын санын көбөйтөт. Ал эми жууп тазалап кайра колдоно турчу буюмдардын саны азайып баратат. Айыл жергесинде да бул көрүнүш азыраак, ал эми шаарларда чоң көйгөйлөрдүн бири»,- дейт Нурия Түкөбекова.
Эсенгуловдордун үй-бүлөсү сарамжалдуу пайдаланууну өтө маанилүү деп эсептешет. Алар газеталардагы кызыктуу маалыматтардан балдар үчүн китепчелерди көп жасашат. Кичүү кызы Бермет учурда 2-классты аяктап жатат. Ага апасы атайын кызыктуу маалыматтар камтылган энциклопедияны колго жасап берген.
Бул энциклопедиянын ичинде табышмактар, кроссворддор, жомоктор, ырлар, кызыктуу маалыматтар, жаныбарлар тууралуу баяндамалар камтылган. Аларды Бермет дайыма кызыгуу менен кайталап окуп турат.
Бермет Эсенгулова апасынан ар бир буюмду сарамжалдуу пайдаланганды үйрөнгөн. Ал бөбөктөрү үчүн кызыктуу оюнчуктарды, китепчелерди жасап берет.
«Апам мага өзгөчө, пайдалуу китептерди жасап берет. Китепканадан да китептерди көп окуйм. Бирок апам жасаган китептер аябай кызыктуу. Мен да бөбөктөрүмө китепчелерди, кагаздардан, картондон оюнчуктарды жасап берем. Кереги жок кагаздарды баарыбыз чогултуп турабыз, көп болгондо атам өткөрүп турат»,-деди ал.
Ал эми тамак-аштан чыккан таштандыларды мал жандыктарына беришет. Эгерде мал жок болсо компост жасап туруу керек экендигин баса белгиледи Нурия Түкөбекова.
Берметтин жети коену бар. Ал күн сайын аларга жер-жемиштердин кабыктарын, чөптөрдөн берип багат. Апасына тамак жасап жардам бергенде, картошка, сабиз ж.б. кабыктарын таштандыга ыргытпастан дароо коенектерине берет.
Нурия Түкөбекованын жолдошу Рахатбек Эсенгулов Нарын токой чарбасынын директору кызматын аркалайт. Ал жыл сайын бакчасына карагайлардын, теректердин, карагаттардын көчөттөрүн отургузат. Бир аз чоңойгондо жашылдандыруу иштерине жумшайт. Айыл эли да көчөттөрдөн сатып алып турушат.
Ар бир жаран Рахат Эсенгуловдун үй-бүлөсүнөн үлгү алуу менен, башкаларга да экологияга кам көрүүнү үйрөтө билүүсү маанилүү.
Экологияга аяр мамиле кылуу, табият менен таттуу мамиледе болуу ар бир адамдын инсандык парзы. Жаратылышты өз үйүндөй таза кармап, жер эне берген белектерди, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланып, ага абдан жакшы көнүл бөлбөсө, келечек муундарга калтыра турган мурастардан айрылып калуу коркуну бар!
Акылай Алмазбекова