Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинде жаш мугалимдер арасында «Жаш педагог-2022» деген аталыштагы конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Конкурс бир ай бою болуп, ага бирден төрт жылга чейин иш тажрыйбасы бар мугалимдер катышкан.
Сынактын негизги максаты – жаш мугалимдердин арасынан жаш муундарга билим жана тарбия берүүдөгү чыгармачылык менен изденип, билимин берип келе жаткан мугалимдерди табуу, аларга мындан аркы ишине стимул берүү болгон. Конкурска атайын жобо дайындалып, тажрыйбасы көп мугалимдерден түзүлгөн комиссия болгон. Сынактын шарты боюнча ачык сабактар өткөзүлүп, катышкан мугалимдер тарабынан өзгөчө көргөзмө куралдар даярдалып, алардын сабак өтүүдөгү методикалары, балдар менен болгон байланыштары каралды. Андан тышкары алардын чыгармачылыгы, хоббиси каралды.
Жыйынтыгында 2-орунга тарых сабагынын мугалими Жибек Карыпбаева алса, 3-орунду англис тил сабагынын мугалими Мөөркан Турдаалы кызы, 4-орунду география сабагынын мугалими Самара Сүйөркулова багындырган. Комиссия тарабынан жаш мугалимдер дагы иштеп изденсин деген жыйынтыкка келишип, баш байге жана биринчи орунду эч кимге ыйгарышкан эмес.
Бул сынак мектепте экинчи ирет өтүп жаткандыгын аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы жана конкурстун уюштуруучусу Гүланда Асанова билдирди: «Биз бул конкурсту 2017-жылы алгачкы ирет жаш мугалимдерге стимул болсун деген максатта уюштурганбыз. Жыйынтыгында ошол конкурстагы жеңүүчүлөрдүн бири азыр организатор болуп, башкалары алдыңкы мугалимдердин катарын толуктап келишет.
Бул ирет дагы сынак жакшы маанайда болуп өттү. Тапшырмалар убагында аткарылып, өз убагында жыйынтыктай алдык. Буюрса биз ар беш жыл сайын өткөрүүнү пландап жатабыз. Катышуучуларга ыраазычылыгымды билдирем. Андан тышкары белектерди алууда бизге айыл өкмөт Адилет Жумалиев жана айыл тургуну Азамат Бердалиев демөөрчүлүк кылышты. Аларга дагы чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.»
Ал эми алдыңкы орундардын бирин алган Жибек Карыпбаева сынакта көп изденгенин айтат: «Мен бул сынактан өзүмө көп жаңы нерселерди алдым, көп издендим, жакшы тажрыйба топтодум десем болот. Сынактын жүрүшү жогорку деңгээлде болду. Уюштуруучуларга чоң рахмат. Алган тажрыйбам сөзсүз түрдө мындан ары дагы өсүп өнүгүүмө өбөлгө болот деп ишенем.»
Асел Үркүнбаева