Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде бүтүрүүчүлөргө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Салтанатка мектеп окуучулары. Мугалимдер, ата-энелер, район жана мекемелердин, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери катышты.

Салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, арадгерлер мугалимдер катышты

2жылдан бери биринчи жолу офлайн коңгуроо өтүлдү

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда учурда район боюнча жалпы 7миңге жакын окуучу болсо, быйылкы окуу жылында 11-классты 483 окуучу, ал эми 9-классты 652 окуучу аяктоодо.

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы
«Бүтүрүүчүлөрдүн арасында «Алтын аттестатка» 16 окуучу талапкер болгону менен бирөө гана тастыктаган. 9-класстардан 47 окуучу артыкчылык күбөлүккө талапкер болууда» дейт.
Район боюнча 375 класс комплектиси болсо, ага 800дөн ашык мугалим билим- тарбия берет. Мындан сырткары 2022-2023-окуу жылында 1-класска 612 жаш жеткинчектер кабыл алынат.
Мээрим Тентиева