Бүгүн 9-июнда Кыргызстандын бардык аймактарында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаты болуп өттү.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 600 дөн ашуун окуучу билим алат. Бул окуу жылында 11-классты 38 окуучу, 9-классты 49 окуучу аяктады.

Бул окуу жылында 11-классты 38 окуучу, 9-классты 49 окуучу аяктады

Окуунун алдыңкылары грамота менен сыйланып, стипендия алышты

Бүтүрүүчүлөрдүн биринчи мугалимдери да куттуктоолорун айтышты

Айрым окуучулар көздөрүнө жаш алышты

Бүтүрүүчүлөр көгүчкөндөрдү учурушуп, «Акыркы коңгуроо» салтанатын жыйынтыкташты
Бул окуу жылында мектеп көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Мектеп жетекчиси Болот Бообек уулу демөөрчүлөр менен тыгыз иштешип, мектепке бөлүнгөн жерге картошка, арпа айдалып, алма,өрүк, алмуруттун көчөттөрү отургузулду. 11-класстын окуучусу Айтолкун Темирбек кызы химия сабагы боюнча Республикалык олимпиаданын катышуучусу болду. Мындан сырткары спорт, кол өнөрчүлүк жаатында да көптөгөн ийгиликтер жаралды. Мектепте медиаборбор уюштурулуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатышат.
Фарида Шарыпжанова