Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү бөлүмү, Каргалык айыл өкмөтү менен биргеликте уюштурулган иш чарада жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды.
Толугураак, аудио сюжеттен угуңуз:

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү, 13 жалпы билим берүү мектебинин директорлору жана мугалимдер жамааты тарабынан көмөк көрсөтүлдү.
Сүрөт сынагында төмөнкү темаларда сүрөттөр тартылды:
• биз башкабыз, бирок биз биргебиз;
• тынчтык балдардын көзү менен;
• биз зордук-зомбулукка каршыбыз.
Сынактын максаты: Элдердин тилектештик, достук сезимин чыңдоо. Зордук-зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жашоо сезимдерин бекемдөө болду.
«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси «Ынтымактуу аймак — жаштардын келечеги» долбоорунун негизинде уюштурду.