Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болду. Жалпы 26 окучуу бүтүрүп, анын ичинен 12 кыз, 14 бала. Акыркы коңгуроо салтанаты куттуктоо сөздөр менен жана 11-класстын чакан концерти менен коштолду.
Бүтүрүүчүлөр экиден жетелешип келип, өз ордуларына катары менен турушту.
Мектептин эң улуусу болуп бардыгынын сап башында турушту
Алгач куттуктоо сөз мектеп директору Адылбек Назаровго берилди
Мектептин ардактуу мугалими Дүйшөнбек Калыков сөз алды
Кечеге ардактуу мугалимдер чакырылган
1-б класстын клас жетекчиси куттуктоо сөзүн алып, 1-класстын чакан белегин бүтүрүүчүлөргө ыйгарды
Бүтүрүүчүлөр бөбөктөрдөн сыйлык алуу да кубанып турушту
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн кызматкери Салтанат Абласова бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, айыл өкмөтүнүн ыраазычылык катты менен «Жаз-Ем» бий тобун сыйлады
«Жаз-Ем» бий тобунун мүчөсү Света Бакытбек кызы. Топ мүчөлөрүнө дагы ыраазычылык кат ыйгарылды
Аны менен бирге «Жаз-Ем» бий тобун жетектеген Индира Шайынбек кызына да ыраазычылык берилди
11-класстын окуучулары дагы жетишкендиктери үчүн мектеп грамотасы менен сыйланышты
Steam олимпиадасынан жетишкендиктери үчүн дагы сыйланышты
«Манас» таануу сынагына катышкан «Мурас» тобу да сыйлыкка татыктуу болду
Мектеп окуучулары жыл башынан бери эң мыкты окуганы үчүн сыйланышты
Акыркы коңгуроо да кагылды
Камила Эркинбек