Бүгүн, Кочкор районунда 2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн 2-этабы расмий түрдө башталды.

ЖРТ-бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин аныктоочу жана жогорку окуу жайларга тапшырууда негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Тестирлөө белгиленген эрежелерге ылайык, атайын даярдардалган жайларда өткөрүлүүдө. Ал Кочкор айылындагы Калыгул Бай жана Кара-Суу айылында жайгашкан Шапак Рысмендиев атындагы жалпы билим мектептери. Окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нуржан Турукбаеванын берген маалыматты боюнча, быйыл ЖРТга район боюнча 847 бүтүрүүчү катышып жатканын билдирди. Анын айтымында, тестирлөөнүн ачык-айкын жана калыс өтүшү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүп, окуучуларга эрежелер алдын ала түшүндүрүлгөн.
Ошондой эле ЖРТ бүтүрүүчүлөрдүн келечегине чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Мугалимдер тарабынан окуучуларга кошумча даярдыктар уюштурулуп, тесттик тапшырмалар менен иштөө боюнча кеңештер берилди. Ата-энелер дагы балдарына моралдык колдоо көрсөтүп турушту.
Даярдаган: Мадина Тилекова