Кыргызстанда мектептеги билим берүү тутумун 12 жылдык окутуу моделине өткөрүү реформасы этап-этабы менен ишке ашууда. Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында ата-энелер үчүн уюштурулган «Доор өзгөрткөн билим» аттуу ачык диалог учурунда реформанын кезектеги баскычтарын жарыялады

Мектептерди жаңы системага өткөрүү процесси бир нече жылга пландалып, буга чейин эле башталган:
2025-2026-окуу жылы 1-, 2-, 5- жана 7-класстар жаңы программа менен окууга өтүштү. Бул класстар үчүн жыл ичинде айрым предметтер боюнча окуу китептери жаңыланды.
2026/2027-окуу жылы, Өлкөнүн 3- жана 8-класстарынын окуучулары 12 жылдык билим берүү тутумуна кошулат.

Билим берүү министрлиги бул реформа аркылуу төмөнкү негизги максаттарга жетүүнү көздөйт: Мектептеги билим берүү тутумунун мазмуну заман талабына жана азыркы коомдун муктаждыктарына ылайык өзгөртүлөт. Кыргызстандын билим берүү деңгээли дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирилип, эл аралык деңгээлде таанылат. Жогорку класстын окуучуларынын кызыкчылыктарына жана жөндөмүнө жараша кесипке багыттоочу атайын предметтер киргизилет. 6 жаштагы балдар мектепке чейинки даярдоо менен толук камсыз болуп, алардын сапаттуу билим алуусуна бирдей шарттар түзүлөт.
Министрликтин маалыматы боюнча, бул реформа өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын түп тамырынан бери көтөрүүгө жана окуучулардын келечекте дүйнөлүк аренада атаандашууга мүмкүнчүлүк алуусуна багытталган.
Азема Сабырбекова