Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр–Арал стратегиялык жолунун абалы жана аны оңдоо маселеси каралды. Суусамыр–Арал жолу көп жылдан бери талкууланып, бирок толук чечимге келе элек жана иш жүрүшү үзгүлтүккө учурап келген. Бул маселе жергиликтүү тургундар тарабынан бир нече ирет көтөрүлүп келген.

Ушуга байланыштуу Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары Тынчтык Урматбек уулу, Данияр Айдарбек уулу жана Иманкулов Расул Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жолугушуу өткөрүштү. Алар министрдин биринчи орун басары Бактылуу Аскар уулу Момбеков менен жолдун оңдолушу жана ишке киргизилиши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Суусамыр–Арал жолунун курулушу баштала турган мөөнөт боюнча маалымат берилди. Министрдин орун басарынын айтымында, жол 3–4 ай ичинде ишке киргизилиши мүмкүн экени белгиленди. Ошондой эле бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин өз көзөмөлүндө экени айтылды.
Белгилей кетсек, Суусамыр–Арал жолу көмүр ташууда маанилүү каттамдардын бири болуп эсептелет. Айрыкча Кара-Кече көмүр кенинен жана башка аймактардан оор жүк ташуучу унаалардын агымы бул жол аркылуу өтөт.
Жергиликтүү тургундар бул жолдун оңдолушу аймактагы транспорттук коопсуздукту жакшыртып, экономикалык байланыштарды бекемдейт деген үмүттө.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна