Суусамыр айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштеринин алгачкы этаптары башталды. Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан акыркы үч жылдан бери жыл сайын үч көчөгө асфальт төшөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп келет. Бул жылы дагы айылдын ички жолдорун жакшыртуу максатында асфальт төшөө иштери улантылууда.

Алгачкы этапта көчөлөрдүн чектери такталып, жолдун линияларын аныктоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле айрым жарандар тарабынан жолдун чек арасынан чыгып кеткен учурлар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чек аралар такталды.
Жол куруу иштери этап менен улантылып, жергиликтүү тургундар үчүн оңдолгон ички көчөлөрдү пайдаланууга берүү суук түшкөнгө чейин пландалууда.
Даярдаган; Айтурган Кубанычбековна