Росатом Кыргызстандагы ишкерлер үчүн “Жооптуу бизнес акселератору–2026” программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштады. Долбоор шаарлардын өнүгүшүнө оң таасир тийгизген экологиялык жана социалдык багыттагы бизнес-идеяларды колдоого багытталган. Программа корпорация иш алып барган 29 шаарды жана өнөктөш өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды да камтыйт.

Программа эки негизги багыттан турат:
• “Жаңы бизнес” треги
Экология же туруктуу өнүгүү багытында жаңы иш баштоону пландаган идея авторлору, жеке ишкерлер жана өз алдынча иштеген жарандар үчүн. Бул багыт катышуучуларга бизнес-идеяны ишке ашырууга, команда түзүүгө жана ишти баштоого мүмкүнчүлүк берет.
• “Бизнес өсүш” треги
Иштеп жаткан жеке ишкерлер, ЖЧКлар жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн. Катышуучулар бизнесин кеңейтүү, жаңы багыт киргизүү же өндүрүштү экологиялаштыруу боюнча колдоо ала алышат.
Бардык катышуучулар үчүн негизги талап социалдык жоопкерчиликке багытталган ишке ашырууга реалдуу бизнес-идеянын болушу. Долбоорлор Кыргызстандын аймагында ишке ашырылышы керек.

Программа билим берүү курсун, ошондой эле тажрыйбалуу насаатчылардан жеке консультацияларды камтыйт. Жыйынтыгында мыкты долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүлөт, анын көлөмү ар бир долбоор үчүн өзүнчө аныкталат.
Демилгелердин багыттары ар түрдүү: кайра иштетүү, экологиялык продукция өндүрүү, айыл чарбасын өнүктүрүү, конок үйлөрү, коворкингдер, оңдоо устаканалары жана экологиялык кызматтар. Ошондой эле билим берүү, медицина жана айлана-чөйрөгө зыянды азайтуучу технологиялар да колдоого алынат.
Өтүнмөлөр 2026-жылдын 31-майына чейин кабыл алынат. Толук маалымат: rbax-rosatom.ru
Байланыш: [email protected]
Белгилей кесек, “Жооптуу бизнес акселератору” — Росатом экологиялык акселераторунун уландысы болуп саналат. 2024–2025-жылдардагы эки циклде 300дөн ашык өтүнмө келип түшүп, 36 долбоор тандалып алынган. Финалда ар бир команда 500 миң рублга чейин гранттык колдоо алган. Жаңы сезон долбоорлордун географиясын кеңейтип, социалдык жана экологиялык чечимдерге басым жасоодо.