25-сентябрда Жамааттык ЖМКлар Бирлиги уюштургун тегерек стол өттү. Ага өлкөдөгү Жогорку Окуу Жайлардын журналистика факультетинин окутуучулары катышты.
Тегерек стол журналистика факультетинин окутуучуларына “Жамааттык Медиа” окуу курсун тааныштырып, талкулоо үчүн уюуштурулган. “Жамааттык Медиа” окуу курсу Коммуникацияны өнүктүрүүнүн эл аралык программасы- ЮНЕСКОнун колдоосу астында, Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Бирлиги ишке ашырган “Кыргызстанда жамааттык ЖМК үчүн адистерди университеттте даярдоо” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
Иш чаранын башында ЮНЕСКОнун Алматыдагы коммуникацияны өнүктүрүү эл аралык программасынын коммуникация жана маалымат программасынын улуттук адиси Сергей Карпов ЮНЕСКОнун журналистика жана анын туруктуу өнүгүсү тууралуу пособия менен тааныштырды.
Андан соң журналистика факультетинин окутуучуларынан дайындалган ар бир топтун жетекчилери “Жамааттык Медиа” тууралуу методикалык курсту презентациялоо үчүн сөз берилди.
Бишкек Мамлекеттик Университетинин Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы, доцент, филология илиминин кандидаты Алтын Асанова аталган окуу жайга “Жамааттык Медиа” окуу курсу жазгы окуу бөлүгүнө элективдүү курс катары окуу процессине киргизилгендигин айтты.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин, Журналистика факультетинин деканы, доцент Айна Дүйшекеева окуу жайда “Жамааттык Медиа” окуу курсун презентациялоодо окутуучулар арасында пикир алмашуулар болуп, 3-4 курстун студенттери үчүн тандоо курсуна кошулуп, окутулуп баштаарын билдирди.
Эл аралык “Кувейт” Университети, “Ала-Тоо” Эл аралык университети жана Ош Мамлекеттик Университетинин студенттери да азыркы учурда “Жамааттык Медиа” окуу курсун окуп баштагандыгы белгилүү болду.
Мындан сырткары, Жамааттык ЖМКлар Бирлиги менен кызматташуу максатында долбоорлор, вебинарлар тууралуу сүйлөшүүлөр болду.