Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенция үч жыл мурда ратификацияланган. Конвенцияга ылайык, мүчө мамлекет майыптыгы бар адамдар үчүн тейлөө кызматтарын жана объектилерди жеткиликтүү кылып шарттарды түзүп бериши керек болчу. Андан бери Нарын шаарында майыптыгы бар жарандар үчүн кандай өзгөрүүлөр болду? Биз бул жолу Нарындагы майыптыгы бар жарандарга кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнү тууралуу кеп козгойбуз.
Нарын шаарынын тургуну Асел Мамбеталиева 14 жыл мурда кырсыкка учурап, белинен ылдый кыймылдабай биринчи топтогу майып болуп калган. Баспай калгандан бери ал жолдошунун жана кыздарынын кароосуна муктаж. Анткени коомдук жайларда пандустар талапка жооп бербейт же жокко эсе, мындан сырткары, коомдук транспорт маселелери бар. Мамбеталиева мамлекеттен 3500 сом алган жөлөк пулу дары-дармегине дагы жетпейт.
«2007-жылы Бишкекте аялдамада мени бак басып калган. Ошол учурда эч кандай шамал деле болгон эмес эле. Дарак карып калган экен. Ал кезде шаардан жер алып, эки бөлмөлүү там салып жашап жатканбыз. Ошол жакта калабыз деген ой менен жүрчүбүз. Анан минтип кырсыктап калдым. Шаарда кымбатчылык болуп, Нарынга көчүп келдик. Шаардык мэрия карып калган дарактарды кырктырып койсо болот эле да. Ал кезде улуу кызым беш жашта болсо, азыр турмушка чыгайын деп калды. Ошол кезде эле Нарын шаарында майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар жок эле, азыр деле эч өзгөрүлгөн жок. Жөнөкөй эле пандустар көпчүлүк жерлерде жок. Анан кантип эшикке чыгып, коомчулукка аралаша алабыз?», — деди Мамбеталиева.
Анын айтымында, кырсыктаганга чейин борбор калаада ар кандай иштерде иштеген. Учурда анын максаты — үйдө бош отурбай иштеп акча табуу. Бирок шаарда майыптар үчүн шарттар жок болгондуктан үйдөн чыга албайт. Ал кээде үйүнөн кол машина менен курак курап, жер төшөк жасайт жана өнөрүн өркүндөтүп буйрутма алып иштегиси келет.
Нарын облусунда Мамбеталиева сыяктуу арабада отурган майыптыгы барлар көп, бирок алар үчүн коомдук жайларда пандустар жана коомдук транспорт маселеси курч бойдон калууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Нарын облусунда 12 миңдей майыптыгы бар кишиге жөлөк пул берилген. Алардын 2163үн 18 жашка чейинки балдар түзөт. Бирок чындыгында каттоого алынбаган майыптар да бар болгондуктан алардын жалпы саны алда канча көп болушу мүмкүн.
«Биз жөн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз»
Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Нурзада Мукашова майыптыгы бар жарандарга шарттарды түзүп берүү боюнча жыл сайын мекеме-ишканалардын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтат.
«Майыптыгы бар жарандарга болушунча көңүл бөлгөнгө аракет кылабыз. Аларга жакшы шарттарды тузүп берүү боюнча жыл сайын рейддерди уюштурабыз. Пандустарды талаптарга ылайык куруу боюнча мекемелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Андан сырткары, жаңы курулуштар башталганда аларга алдын ала көрсөтмөлөр берилет “имараттын талаптарга жооп бергидей пандусу сөзсүз болсун” деп айтабыз», — деди Мукашова.
Мукашова пандустарды ар бир мекеме ишкана өздөрү курарын айтып, аларды пандус курууга мажбурлай албастыгын белгиледи.
Нарын облусунун социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ажар Дюшеналиева майыптыгы бар жарандар үчүн курулган пандустар талаптарга жооп берет деп эсептейт.
«Нарын шаарына жаңы пандустарды куруу боюнча мэрия иш алып барат. Биз жөн гана ал пандустар талаптарга жооп береби ошолорду текшеребиз. Негизи биздин текшерүүбүз боюнча Нарын шаарындагы бардык эле пандустар талаптарга ылайык салынган. Эгерде пандустар талаптарга жооп бербесе анда кайра оңдоп түзөө иштерин жүргүзөбүз. Эми майыптыгы бар жарандар үчүн эң негизгиси эле ошол пандустар керек да? Биз аларга жакшы шарттарды түзүп берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — деди Дюшеналиева.
Анткен менен социалдык мекеменин кылган иши майыптардын бардыгына эле жеткиликтүү эмес. Дюшеналиевнын айтымында, пандустарды курууда майыптыгы бар жарандардын пикири эске алынбайт.
Үмүт шооласы үзүлбөйт
Биринчи топтогу майыптыгы бар, активист Какен Эгембердиева өзү сыяктуу майыптыгы бар жарандарга жардам берүү максатында фонд ачып, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнүн үстүндө иш алып барат.
«Нарын шаарында майыптыгы бар жарандарга бийлик өкүлдөрү көп көңүл бурбайт. Көпчүлүк майыптыгы барлар ушунун айынан коомчулукка аралаша албай үйүндө отурушат. Мен ушуну жоюу үчүн “Үмүт шооласы” аттуу коомдук фонд ачтым. Бул фонддун максаты майыптарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү тузүп берүү болуп саналат. Учурда бир инвестор таптым. Ошонун жардамы менен өзүмө окшогондорго жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү алдында турам», — деди Эгембердиева.
Ал 6 жыл мурун жол кырсыгына кабылганда баспай төшөктө жатып калганда стресс болгон. Бирок өзүн колго алып ар кандай тренингдерге катышып, өзүн өнүктүрүүнүн үстүндө жүрөт.
«Үйдө жалгыз жашайм. Бирок ошого карабастан дайыма өзүмө жакшы нерселерди ойлоно баштадым. Көптөгөн семинарларга катыштым, анан мен майып болуп калган башка адамдарга дагы жардам берейин деп ойлондум. Жер алып, жашылча-жемиштерди айдадык. Буюрса күзүндө түшүмүн берсе, майыптыгы бар адамдарга таратып берем. Андан сырткары дагы көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштеп жатам, буюрса майыптыгы бар жарандарга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт», — дейт ал.
Башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген Медер
Ал эми тубаса шал оорусу менен төрөлгөн 35 жаштагы Медер Усупбеков өзүнүн укуктарын өзү коргоп келет. Ал орто мектепти бүткөн соң үй-бүлөлүк шартына байланыштуу андан ары билимин жогорулата алган эмес. Бирок ага карабастан быйыл Нарын мамлекеттик университетинин программалоо багытында окууга 100% жеңилдик менен окууга өтүп окуп жатат. Мындан сыркары, ар кандай долбоорлорго катышып, гранттарды утуп майыптыгы бар жарандарга шарттарды түзүп берип келет.
«Компьютер менен иштегенди жакшы билем. Буга чейин ар кандай уюмдарга өзүм жалгыз долбоор жазып жүрдүм. Эң алгачкы жолу Борбор Азия университетине “коляскачан адамдар үчүн пандус куруу” боюнча долбоор жазып утуп алгам. Ошол долбоордун аркасы менен Нарын шаарында баардык коомдук жайларга болбосо дагы көпчүлүк жерлерине пандустар курулду. Пандустарды жалаң мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери курушту, мен аларга долбоордун алкагында акчасын төлөп бердим», — деди ал.
Усупбеков коомчулуктагы майыптарга байланыштуу стереотиптерди бузуу үчүн келечекте аларга дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү каалайт.
«Азыркы учурда деле окуп жатам. Бекер онлайн курстар абдан көп. Мен азыр видео тартууну өздөштүрүп жатам. Мындан сыркары дагы көп долбоорлор менен иштейм. Нарын шаарын өнүктүргөнгө салымымды кошкум келет. Майып адамдарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергим келет. Мындай теманы тандаганымдын себеби — көп адамдар булар эч нерсе кыла албайт деген ойдо четке чыгарып коюшат. Аларга “биз барбыз, биздин колубуздан баары келет” дегендей ой калтыргым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады Усупбеков.
Автоматтык лифт (пандус)
Ош шаардык мэриянын алдында майыптыгы бар жарандар үчүн автоматтык лифт пандус орнотулган. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Акылбек Акаевдин айтымында, бул пандуста бардык коопсуздук жагы каралган.
«Муну мэриянын тапшырмасы менен жасадык. Негизинен бардык коопсуздук эрежелери сакталган. Керектүү жабдыктарын Орусиядан алдырттык. Майыптыгы бар жаран өзү эле эч кимден көз каранды болбой мэрияга кирип чыга алат. Атайын баскычты басканда эле лифт ачылат, өзү өйдөгө көтөрүп чыгат», — деди ал.
Анын айтымында, азырынча мэриянын имаратынын алдына гана коюлган. Ошондой эле, ал бул жаңы жасалган лифт пандусту ар бир мекеме-ишканалар койсо коляскачан адамдарга абдан ыңгайлуу болорун кошумчалады.
Стандарт боюнча пандустун эңкейиши 5 градустан 10 градуска чейин болушу шарт. Сөзсүз түрдө пандустун кармагычы негиз болушу керек.
Дилде Шатанова