24-июнь күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында Соң-Көл фестивалы болуп өттү. Фестивалга Чолпон айыл өкмөтүндөгү айылдар катышты. Болуп өткөн фестивалдын максаты Соң- Көлдүн экосистемасын, жайыттарын жана жан- жаныбарларын сактоо, жергиликтүү жамаатты, жаштарды жаратылышты коргоого, туура пайдаланууга тарбиялоо.
Баланы бешикке салуу каадасы
Келген коноктор катышуучулардын эмгегин баалодо
Фестиваль Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыевдин сөзү менен башталды. Ал өз сөзүндө мындай деди:
«Бул иш-чара азыркы замандын эң актуалдуу көйгөйлөрүнүн чечүүнүн жолдорунун бири. Жайытты, Соң-Көлдү сактоого жакшы иш — чаралар болуп жатат. Кооз, кудайым белек кылып берип койгон жерлерди сактоого милдеттүүбүз. Мындай түшүндүрүү иштерин Нарын облусу боюнча жайылтуу жана жайлоонун тазаланышына, сакталышына баарыбыз салымыбызды кошуубуз керек».
Фестиваль Бишкектеги «Устат-шакирт борборунун» режиссёрлору Жунусов Илгиз, Бостонов Өмүрбек тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүш менен коштолду.
«Туруктуу өнүгүү стратегиясы инститүтунун менеджери» коомдук фондунун программдык менеджери Анара Момунова:
«Биздин фонд 2012-жылдан бери Кыргызстандагы биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктү сактоо, жандандыруу жана кийинки муунга өткөрүп берүү багытында иштөөдөбүз. Акыркы долбоорубуз Соң-Көл экосистемасын, жаныбарларын жана жайыттарын сактоо. Долбоордун негизинде жергиликтүү жааматтарды, жаштарды, жаратылышты коргоого чакырып келебиз. Бул максатта ар кандай тренингдер, семинарлар болду. Бүгүн болсо фестиваль өтүүдө. Фестивалдын алкагында айылдар арасындар «Мен жана Жаратылыш» сынагы жарыяланды.
Сынактар:
1.Адамдын жаратылышка аяр мамиле кылуу ырым-жырымдары жана үрп-адаттары.
2.Салттуу тамак «Табият белектери».
3.Жаратылышты коргоо, жаратылыш тууралуу ыр/бийлер.
4.«Соң-Көлдүн чагылышы» сүрөт көргөзмөсү уюштурулду, автору В.Ушаков
5. Кол өнөрчүлүк көргөзмөсү даярдалды.
6. Балдардын сүрөт, дилбаян, видео сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Фестиваль жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Анткени фестивалга жергиликтүү айыл элдери, мектеп окуучулары, мугалимдер, жергиликтүү бийлик тартылып театралдаштрылган бөлүгүнө мектеп окуучулары активдүү катышышты. Фестиваль ушуну менен эле токтоп калбастан тренингдерди өткөрөт жана Соң-Көлдүн жайлоосунда август фестивалы пландалууда».
Чороев Бакыт Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси:
«Бүгүнкү «ИСУР» коомдук фонду уюштурган Соң-Көл фестивалына өнөктөш катары катышып жатабыз. Фестиваль актуалдуу маселелерди козгоп жогорку деңгээлде өтүп жатат. Фестивалга жаштар, окуучулар өтө активдүү катышуу менен 5 айыл катышкан конкурска күбө болдук. Конкурста жаратылышка байланышкан ар түрдүү үрп-адаттар, бийлер аткарылды. Соң-Көл фестивалы жалпы элибизге дем берет. Август айында Соң-Көл жайлоосунда өтө турган фестивалга туристтер жалпы эле Нарын эли кызыгуу менен катышат деп ойлойм.
Ошондой эле академия науктун окумуштуулары келип фестивалдын илимийлүүлүгүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы өз салымдарын кошот. Манас атабыздын осуятында айтылгандай табият менен таттуу мамиледе болуп жаратылышыбызды коргойлу».
Өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгы боюнча, Биринчи орун Молдо-Кылыч айылына, экинчи орун Чолпон айылына, үчүнчү орунду Ара-Көл айылы багындырды.
Гүлнур Сатыбалдиева, Айчүрөк Сапаркулова, Асема Сүйүндүкова