Бир тууган жаш шахматчы кыздар Сезим, Умай жана Алла Адамовалар Европага шахмат мелдештерине кетүү алдында турушат. Апасы Айжан Шаботоева менен бирге кыздардын кыялдары, максаттары туурасында маек курдук.
“Жашоонун өзү дагы шахмат деп коюшат го. Кыргызда дагы “жети өлчөп бир кес”-деген сөз бар. Шахмат ушундай оюн абдан дыкат жакшылап ойлонуп туруп жыйынтык чыгарганга туура келет. Мен кыздарыман шахматка бергенден кийин мурда шашып, көп ойлонбой чечим кабыл алып жатышкан болсо азыр абдан ойлонуп, бардыгын текшерип чечим чыгарып калышканын байкадым. Ошондой эле өздөрү дагы айтып жатышат мектепте дагы өзгөчө математика сабагынан жакшы жардам берип жатканын.”
Алла Адамова 9 жашта:
«Биз буга чейин Австрия, Венгрия, Швейцария, Италияга турнирлерге барып катышып келгенбиз. Ал жак мага абдан жакты. Аякта бийик имараттар, кооз үйлөр көп.Биз ал жерден кайыкта, ылдамдыктагы поездде жана метродо жүргөнбүз. Биздин өлкөдө Кыргызстанда дагы ошондой болгонун каалайм. Ошондой эле биз алдыда алдыңкы орундарды ээлеп ийгиликке жеткенде ал каражаттарды муктаж адамдарга берип кайрымдуулук кылууну каалайбыз. Мен чоңойгондо миллиардерша болгум келет. Себеби башкаларга жардам берип, кайрымдуулук кылганга.»
Сезим Адамова 13 жашта:
«Биз учурда жеке тренер менен Европа жана Америкада боло турчу турнирлерге даярданып жатабыз. Менин кыялым келечекте шахмат боюнча чемпион болуу. Чет өлкөдө Кыргызстандын желегин көтөрүү аны бардыгы тааныганын каалайм. Анткени азыр биз барганда көпчүлүк биздин өлкө боюнча билишпейт. Казакстанбы?-деп сурашат».
Умай Адамова 11 жашта:
«Менин шахмат ойногонума 1 жыл болду. Математика сабагын абдан жакшы көрөм. Шахматтан сырткары мен гимнастика жана англис тилине барам. Мен келечекте чет өлкөдө бизнес ачып андан түшкөн акчаны Кыргызтандын өнүктургөнгө жумшагым келет. Ал жактагы жетишкендиктерди биздин өлкөгө дагы алып келүүнү каалайм.»
Шахматчы кыздардын апасы Айжан Шаботоева жакынкы күндөрү Германияга кетүүнү пландап жатышканын айтты. Ал жакта 2 ай боюу кыздар дасыккан тренерлер, шахматистерден сабак алышат. Андан кийин Польша, Чехия өлкөлөрүндө боло турчу турнирлерге катышууну көздөп жатышат:
«Кыздар буга чейин түрдүү ийримдерге барып жүрүшчү. Менталдык арифметика бергенде шахмат менен бирге алып кетсин өздөштүргөнгө жана натыйжалуу болсун деп шахматты дагы кошконбуз ошондон баштап өздөрүндө кызыгуулар пайда болуп кетти. Биз алгач өлкөдөгү мелдештерге катышытырып андан соң чет өлкөгө чыгарбай атайын ырым кылып, жакшы тилек менен чет мамекеттен тушоосун кестик.»
“Шахматтын өзгөчөлүгү ушунда экен. Башка спорттук мелдештерде салмагы, жаш курагына караса бул жакта ага маани берилбейт. Кыздар кээде 50-60 жаштагы адамдар менен деле ойноп калышат.”
«Кыздар шахмат үйрөтүүчү борборлорго барышат. Андан сырткары жеке машыктыруучулары бар. Калыбек Айжигитов деген тренери үйрөтөт жана чет өлксөгө чыгаарда Ислам Байсынов деген белгилүү машыктыруучу алектенет»,-деп билдирди Айжан Шаботоева.
Айгерим Кубатбекова