Суусамыр өрөөнүндө жайдын келиши менен малчылар үчүн кой кыркуу мезгили башталды. Буга чейин малчылар койлордун жүнүн кайчы менен кыркып келсе, акыркы убактарда атайын кызмат көрсөтүлүп калды.
Койдун жүнүн кыркуу учуру
Суусамыр айылында көпчүлүк тургундар мал чарбачылык менен алектенишет. Замандын өзгөрүшү менен мал багуунун дагы жаңы ыкмалары табылууда. Жаңы ыкмалардын катарына кирген кой кыркуу аппаратынын келиши менен малчылардын дагы жумушу кескин жеңилдеди. Суусамыр айылынын малчылары акыркы үч жылдан бери бул кой кыркуучу аппараттын жардамы менен кой кыркып келишет дейт кызмат көрсөтүүчү Фархат Мамбеталиев:
«Азыркы учурда малчылардын басымдуу бөлүгү аппараттын жардамы менен кой кыркуу ыкмасына өттү. Эгерде кол менен бир күндө жыйырмадай кой кыркылган болсо, азыр аппараттын жардамы менен эки сааттын ичинде жетимиштей кой кыркабыз. Бир койду кыркуу баасы 70 сом жана генераторго май куюп беришет. Биз 4 бала бир бригада болуп иштейбиз, бир күндө 300гө чейин кой кыркканга жетишип жатабыз».
Бир генераторго 3 кыркуучу аппарат кошулган. Генераторго күйүүчү май куюп, анан электр энергиясы жок жайлоолорго чыгып койлорду кыркып кетишет. Бул бригада Карабалта шаарынан келген. Алар машинасына аппаратын жүктөп алып, жайлоолорду кыдырып иштешет.
Генератордун жардамы менен жайлоолордо койлор кыркылат
Суусамыр айылындагы малчылар кезекке туруп кызмат көрсөтүүчү бригаданы чакырышат.
Айтурган Кушкарбекова