Жайлоого туз жеткирилди — малдын саламаттыгы үчүн маанилүү кам көрүү.
Алыскы Соң-Көл жана Кашка-Суу аймагындагы жайлоолордогу малчыларга туз жеткирилди. Бул иш-чара малдын ден соолугун жакшыртуу жана жайыттагы мал чарбасын колдоо максатында уюштурулган. Малчылар туз жеткирилгени үчүн ыраазычылык билдиришип, мындай көмөк малдын иммунитети үчүн абдан маанилүү экенин белгилешти.

Аймактык ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, жайытта жүргөн мал үчүн туз — организмдеги минералдык балансты сактап туруу, тоютту жакшы сиңирүү жана оорулардан сактануу үчүн негизги каражат.

Тузду чабандарга Айылдык Кеңештин депутаттары демилгелеп алып барышты. Ал ар бир чабанга ылайык бөлүнүп берилди. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттер мындан ары да уланарын белгиледи.