Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү жана жайыт комитети тарабынан Орто-Сырт жайлоосундагы Талаа-Булак тилкесинде бадачылар үчүн майрам уюштурулду. Аталган жайлоодо учурда 34 бадачы бар. Ал эми Арпа жайлоосуна кезектешип чыгышат.
Майрамда бадачылар, алардын балдары үчүн чака чапмай, аркан тартыш, эр эңиш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө жайыт комитети тарабынан белектер жана айыл өкмөт тарабынан чакан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле айылдык клубдун өнөрпоздору концерттик программа тартуулашты.
Майрамдан соң Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев жана жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналы уулу бадачылар менен жайыт маселелери, кайсы мезгилде кыштоого түшүү керектиги, мал тосот уюштуруу жөнүндө пикир алышты. Ал эми ветеринардык адис Темирбек Сатыналиев ылаңдаган малды кандай дарылоо же алдын алуу керектиги тууралуу маалымат берди.
Бадачылардын айтымында Талаа-Булак тилкесинде телефон байланышы тартат. Эгерде кандайдыр бир маселе же мал-жан ооруп калса байланышып, айылдан керектүү дарымектерин, тамак-ашын алдыртып алышат.
Барчын Мамытбекова