2022-жылдын 10-августунда «Устат-шакирт борборунун» режиссерлору Илгиз Жунусов жана Өмүрбек Бостонов окуучуларды Нарынга экскурсияга алып барып келишти. Ал жактан окуучулар Агахан(УЦА) университетин, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрын жана галерея менен таанышып кайтышты.
2022-жылдын 24-июнунда Чолпон айылында «ИСУР» коомдук фонду тарабынан уюшулган «Соң-Көл баяны» аталышындагы фестиваль болуп өткөн. Фестивалга Чолпон айыл аймагына караштуу Корчубек Акназаров орто мектебинин, Ара-Көл орто мектебинин жана Убайдылды Малтабаров орто мектебинин окуучулары да катышкан. Бул фестивалдын катышуучулары 10-августта Нарынга маданий экскурсияга барып жана 12-августта Соң-Көл көлүнүн «Батай арал» аймагында өткөн «Менин Соң-Көлүм» фестивалына катышышты.
Биринчи сапар Агахан Университетине болду. Университеттин шарттары анда окууга окуучуларды абдан кызыктырды. Экзаменди тапшыруу үчүн англис тилин үйрөнүү зарыл экенин билишти.
«Мен Эстебес кызы Анара. 2022-жылдын 10-августунда Нарынга саякатка бардык. Ал жактан галерея, театр жана Агахан университетин көрүп келдик. Мага жакканы галерея жана университет болду. Галереядан кызыктуу сүрөттөрдү жана скульптураларды көрдүк, ал эми университетке болгон саякатта биз укмуштуудай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдик».
Таланттуу сүрөтчүлөрдүн иштери менен тааныштык.
Окуучулар экскурсияны галереядан улантышып, көркөм искусствонун мыкты чыгармалары менен жана тарыхый буюмдар менен таанышышты.
«Эгерде мурда биз сахнадагы артисттерди эле көрсөк, азыр биз сахна артында кандай көрүнүштөр болорун, артисттер гриммденген кабинеттер менен тааныштык».
Окуучулар үчүн бул экскурсия абдан кубаныч тартуулады. Жана жаңы окуу жылында окууга дем күч топтоп, коомдук иштерге аралашуу үчүн чоң мотивация алып келишти.
Гулира Сатарова, Аяна Аскарова