Төлөк айылындагы 22 гектар жерге сугат суу жеткирилип, жерлер сугарыла баштады.Көп жылдан бери бул сугат жерге суу жетпей жер пайдаланылбай келген. БУУнун Азык түлүк программасынын алкагында 26 жергиликтүү тургун жумушка тартылып сугат суу жеткиликтүү жетиши үчүн тоо бетинен узундугу 733 метр арык казышты.

Алгач арык казылып, даярдалды
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылындагы Арпа тектир участогу сугат суу менен камсыз болду.

733метр арык андан соң цемент менен бекемделди
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Баялы Атамырзаевич ФПСтин кармаганда турган Арпа тектир участогуна сугат сууну ачуу иш чарасына катышып, иштин алгачкы күнү ийгиликтүү башталды.

Бул ишке айыл эли тартылган
Арпа тектир участогу 22 га сугат жерди түзөт. Көптөгөн жылдан бери бул сугат жерге суу жетпей жер пайдаланылбай келген. БУУнун Азык түлүк программасынын алкагында 26 жергиликтүү тургун жумушка тартылып сугат суу жеткиликтүү жетиши үчүн тоо бетинен узундугу 733 метр арык казышты.

Тынымсыз иштен улам бул иш өз убагында бүткөрүлдү
Айыл өкмөтү тарабынан цемент, сетка мак, кум-шагыл жерине жеткирилип берилип, арык ичтери толук цементтелди. Бул суудан жалпы 22 га ФПС жери жана үлүшкө тийген жерлерге толук суу жеткиликтүү болду. ФПСтин жери жергиликтүү тургундарга берилип, малга тоютун камдоого көмөк болмокчу.
Бурул Майрамбек кызы