Баетов айылындагы борбордук Манас көчөсү мындан бир аз убакыт мурда иретке келтирилип, жаңыдан жасалган. Борбордук Дөрбөлжүн аянтындагы ири соода түйүндөрүнүн алды атайын тосмолор менен тосулуп, кечкисин балдар ойноого, сейилдөөгө ылайыкталган. Бирок акыркы жылдары соода түйүндөрүнүн ээлери темир тосмолорду каалаган учурда чыгарып алып, оор жүк ташуучу унаалар менен товар түшүрүүнү адатка айландырышты.
Балдар, сейилдөөчү тургундар үчүн кооптуу жагдай жаралды. Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев оозеки эскертүү бергенбиз. Бирок бул ээнбаштык токтобой жатат» дейт.
Барчын Мамытбекова