Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебине «Жалпы асман алдында» польшалык ассоциациясы жана «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду тарабынан «Sky Watcher» телескоп берилди.
Долбоор «Мектеп окуучуларынын жарандык компетенттүүлүгүн өнүктүрүү» деп аталып, мугалимдерге мотивация берип, мектеп окуучуларынын компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, астрономия илимине кызыгуусун арттырууга, билимге умтулууга үндөө максатын көздөйт.
Аталган мектептин мугалими Оңолбек Орособек уулу долбоордун алкагында атайын астрономиялык курстан өтүп, окуп келди.
Оңолбек Орособек уулунун айтымында долбоор тууралуу интернет булактарынан көрүп билдирме жөнөткөн.
Жыйынтыгында облус боюнча экиден мугалим тандалып алынган. Андан кийин астрономия, жылдыздар боюнча окудук. Жылдыздарга, асманга байкоо жүргүзүп, планеталарды изилдегенди үйрөндүк. Мага Сатурн планетасы жакты. Анткени телескоптон караганда айланасындагы жылдыздар так көрүнөт экен. Курстан өтүп, сынакты жакшы тапшырган мугалимдерге телескоп жана асманды изилдөөгө керектүү каражаттар берилди»,-дейт.
Мындан сырткары, долбоордун уюштуруучусу жана демөөрчүсү «Жалпы асман алдында» польшалык ассоциациясы, директору Эвелина Градска жана Кыргызстандагы координатору «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду болгонун кошумчалады.
Долбоор жыл сайын уюштурулуп турат. Долбоордун талабы боюнча курстан өткөн мугалим, өз мектебинде «Астрономия кружогун» ачып, ага окуучуларды тартып окутат жана башка мектептерге, мугалимдерге семинар, секциялык иштерди өтүп турат.
Барчын Мамытбекова