Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары күзгү каникулду учурдагы пандемиялык кырдаалга карабай пайдалуу жана кызыктуу өткөрүштү. Айрымдары ар кандай ийримдерге катышса, ЖРТга даярданып, билимин тереңдеткен окуучулар дагы жок эмес.
Байымбет атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айжамал Миран кызы Нарын шаарында ЖРТга даярданды.
«Каникулдагы убактымды коротпой пандемия деп отуруп албастан ЖРТга даярданып, атайын курстан окудум. Өз коопсуздугум үчүн санитардык талаптарды аткарып жаттым» десе, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Адиля Жумагазиева дагы Нарын шаарына барып, даядоо курсунан өткөндүгүн айтты.
«Быйыл буюрса окууну аяктайбыз. ЖРТ тапшырабыз. Ошол себептүү алдын ала даярданып, каникулду текке кетирген жокмун. Буюрса даярдыгым жакшы. Каникулду пайдалуу өткөрдүм»,-дейт.
Ал эми Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде окуучулары үч күн «Ынтымактуу мектеп» лагерине катышты.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда лагерге Ж.Сатылганов, Байымбет, Атамбеков атындагы орто мектептеринен 30 окуучу катышты.
«Бул лагерь окуучулар ортосундагы мамилени жакшыртууга, бири- бирин колдоого, зордук- зомбулукту болтурбоого, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрууго өбөлгө түзөт жана сергек жашоого үндөйт. «Ынтымактуу мектеп» лагери Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, Американын Кыргызстандагы эл аралык билим берүү кеңеши аркылуу ишке ашырылды. Лагерде санитардык эрежелерди сактап, коопсуздук каражаттарын колдонуп жатышты»,- дейт.
Долбоорду Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалимдери Эрсултан Жолочу уулу жана Асел Сапарбаева жазган.
Долбоордун соңунда жогорудагы аталган мектептерге спорттук ийрим, сабактарга колдонууга волейбол, футболдук топтор, волейбол сеткасы, шахматтар берилди.