Бүгүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейге, “Кемп Ала-Тоо” коомдук фондунун өкүлдөрү келишти. Жолугушууда, кесиптик окуу жайдын базасында, окуучулар үчүн питомник уюштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. “Кемп Ала-Тоо” коомдук фонду болочоктогу фермерлерге питомник уюштуруп берсе, окуучулар агротокойчулук ыкмасын үйрөнүүгө чоң өбөлгө болмокчу.
Азыркы убакта жаш өспүрүмдөрдү бак отургузууга болгон кызыкчылыгын жогорулатуу керек. “Бирди бак кыйсаң, жети көчөт тик” дегендей көчөттөрдү сугаруу жана багуу иштерин балдар билсе жакшы.
Кесиптик лицейдин күнөсканасында
Чынында бак-дарактын адам жашоосуна тийгизген пайдасы өтө чоң. Бак-дарактар бир гана кычкылтек бөлүп чыгарбастан, жердин кыртышын бекемдеп, ысыкта көлөкө болуп, нымдуулукту сактайт.
Кунөскананын ичинде окуучулар практикалык сабактарын өтүшөт
Кесиптик лицейде “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты” кесибинин мугалими, улуу устат Сажида Саадабаева агротокойчулук жонүндө төмөнкүчө маалымат берди.
Сажида Саадабаева: Көчөттөрдү тигүүнү жаз менен өзүм колго аламын. Жаш өспүрүмдөр бак-дарактардын ар кандай көчөттөрүн өстүрүп багууну үйрөнүш керек.
№43 Кесиптик лицейдин улуу устаты: Сажида Саадабаева өндүрүштүк окутуунун ыкмасы боюнча сабак өтүүдө.
«Мен бүгүнкү “Кемп Ала-Тоо” коомдук фондунун өкүлдөрү менен болгон сүйлошүүдөн кийин аябай кубанычтамын. Себеби, бул долбоор өзгочө биздин окуучуларга кесиптик багытта билим берүүнүн сапатын онүктүрөт. Буюрса, лицейдин базасына ар түрдүү бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүп багабыз. Биз келечегибизди ойлосок,агротокойчулукту өнүктүрүү керек»,- дейт Сажида Саадабаева.
Сажида Саадабаева; Болочокто биз окуткан «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттары» өлкөбүздө агротокойчарбасын өнүктүрөт деп ишенем.
Агротокойчулуктун артыкчылыктары:
климаттын олуттуу жакшырышы;
бактын көлөкөсүндө температуранын 20%га төмөндөшү;
мурда бузулган жана арыктаган топурактын толук жакшырышы; кумдуу жана арыктаган топуракта гумустун пайда болушу;
айыл-чарба өндүрүшүндө киреше булактарынын диверсификациясы;
деградацияга учураган жана өрттөлгөн топурактын тез арада калыбына келиши;
биологиялык өндүрүштүн 190%га жогорулашы;
ным жана нымдуу микроклиматтын пайда болуусу;
экологиянын, адамдар жана жапайы жаныбарлар чөйрөсүнүн жакшырышы;
биологиялык ар түрдүүлүктүн жакшырышы; сууну токтотуу жана пайдалануу;
жаан-чачын көлөмүнүн көбөйүшү.
Учурда кесиптик лицейдин устаттары, көчөттөрдү кайсы жерлерге отургузууну пландап жатышат. “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты” кесибинин окуучулары тайпаларга бөлүнүшүп жер тилкелерин бөлүшүүдө.
Буга чейинки питомникте окуучулар дары чөптөрдүн түрлөрүн өстүрүшкөн
Окуучулар жер тилкелерин бөлүп алышат
Буга чейин кесиптик лицейде ИСУР долбоорунун колдоосу менен этно-питомник бар болуучу. Ал жерде бак дарактардын түрлөрүн жана дары чөптөрдү өстүрүшөт.
Турсун Омуралиева