Фатима Султанбаева жогорку билимдүү, бирок кесиби боюнча иш жоктугуна байланыштуу үй кожойкеси болгон. Ал жолдошуна жардам корсотүп кошумча киреше табуу үчүн 2 айлык тигүүчүлүк курсун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейден окуп бүтүргөн. Учурда буйрутма берген кардарлары көбөйүп, ишкердүүлүк кылууда.
Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде кыска мөөнөттүк 2 айлык курстарга окутуу ачылганы, жумушсуз үйдө отурган кыз- келиндерге пайдасы тийүүдө. Андан сырткары окуу жайда, кесиптик билими жок жумушсуз жаштарга, пандемиядан улам чет өлкөдөн келген мигранттарга ылайыктап, атайын окуу программасын иштеп чыкты.
Учурдун талабына ылайык, жогорку окуу жайларынын студенттери кошумча жумуш менен иштөөгө керектүү документтерди кыска мөөнөттө окуп ала алышат. Окуп бүткөн соң мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.
Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде ар кыл тармактык кесип ээлерин окута алышат. Кыска мөөнөттүк окууда практикалык сабактарды уюштуруп, үйрөтүшөт.

Тиггүүчүлүк кесипке ээ болгон айылдагы кыз-келиндер
Аталган окуу жайдын кыска мөөнөттүк окуу курстарын уюштуруу Айнагүл Жусупова төмөнкүчө маалымат берди;

Кесиптик лицейде кыска мөөнөттүк окууларды уюштуруучу Айнагүл Жусупова
«Биз бул кыска мөөнөттүк окууларды айыл эли үчүн ачтык. Бул курстарды биздин айыл тургундары гана эмес, өлкөбүздүн булуң бурчтарынан дагы келип окуй алышат. Ал үчүн бардык шарттары менен жатаканабыз бар.

Айыл ичине ушундай жарыя, борбордук көчөлөргө илинген
Буга чейин биз 2 айлык уз саймачы, тигүүчү кесибине айылдагы кыз келиндерди окутканбыз. Өлкөбүздө пандемия башталгандан бери айылда жумушсуздук күч алды. Кыска мөөнөттө машине тигүүнү үйрөнүп төшөк курап, аш баштыктарды тигишти».

Фатима Султанбаева үйүнө тигүүчү машине сатып алып, төшөк курап сатууда
Тигүүчүлүк кесипти аркалап, 4 баласы менен үйдө кошумча киреше тапкан Фатима Султанбаева кураган төшөктөрүн Казакстанга чейин сатыкка жиберет.

Фатима Султанбаеванын колунан чыккан жер төшөк
«Мен буга чейин деле машине тигип калуучумун, кыска мөөнөттүк окууну окуп алып өзүмдү “тигүүчү” кесибинин ээси катары көрүп калдым. Менин кыз келиндерге айтар кенешим аял киши болгондон кийин ар кыл кесиптин ээси боло билиш керек экен. Мен өзүм К.И. Скрябина атындагы Кыргыз улуттук аграрный университетинде окугам. Өз кесибим менен иштебегенден кийин, тигүүчүлүк кесипке өттүм.
Жер төшөктүн түрлөрү кардарлардын талабына жараша болот.
Быйыл карантин убагында дагы тынбай төшөк тиктим. Кардарлардын тандоосуна жараша ар кандай кыргыз оюууларын бастырып тигип беремин. Карантинде “Мадина” базары жабылып калгандыгына байланыштуу кездеме жетишпей жатты. Кээ бир кардарлар күтүүгө туура келди.
Мен өзүм Ала-Тоо айылында жашаймын, жолдошум өз кесиби менен иштейт. Жолдошум экөөбүз 2 уул, 2 кызды тарбиялайбыз. Бала багууга шылтоолоп үйдө отуруп албай, жолдошума жардам болсун деп ушул ишти колго алдым.

Кичинекей кыздарым Салидат менен Табихат менин жаныма олтуруп алышып төшөктөрдүн жиптерин тазалашып жардам беришет.
Учурда кардарларым аябай көбөйдү кыздын себине, үй тойго деп сатып алгандар мындан көп. Мен кол эмгегимди базар баасынан арзан сатамын. Себеби базарда орунга акча төлөбөгөндөн кийин элге дагы караш керек».
Кесиптик лицейде жогорку билимдүү мугалим-устаттар сабак берип, үйрөнөн кесибин андан ары улап кетүүсүнө көмөктөшүү максатында бизнес долбоор жазганды үйрөтүшөт.
Баш кийим токуп кошумча каражат тапкан Алина Маматзакирова
Турсун Омуралиева