№43 Кесиптик лицейде ден-соолугунан мумкүнчүлүгү чектелген майып кыздар, тигүүчүлүк кесипте окушат. Алыскы облустардан келген кыздар 3 маал ысык тамагы жана жатакана менен камсыз болушат. Учурда кыздар ар кандай азем белектерди жасоону үйрөнүп калышты. Жасаган буюмдарын интернет булактары аркылуу жарнамалап, сатыкка чыгаруу максатын көздөштү.
Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып кыздар, тигүүчүлук кесибине окуп жаткандыгында 4 ай болду. Бүгүн алар 1-этаптык сынакты тапшырышты. Окуу жылынын башынан бери окуп үйрөнгөндөрүн ар бири өз алдынча көргөзүп беришти.

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып кыздар «Тигүүчү» кесибинде билим алууда.
Бул кыздарга көп кыймылдоого мумкүнчүлүгу жок болгондуктан, өздөрүнө ылайыктап отургучтарга жылуулап төшөк, жеңи жок чыптамаларды тигип алышкан.

Кыздар иштегенге ыңгайлуу болсун деп өздөрү ушундай чыптамаларды тигип алышкан.
Арасында бир буту жок Айназик дагы аракет кылып машине тигүүнү мыкты өздөштүрдү. Кыздарды өз энесиндей камкордукка алган устаты Нургүл Абылкасымова күнү-түнү көзөмөлдөп турат.
Нургүл Абылкасымова окуткан кыздары жөнүндө мындайча токтолду;

Кыздарды тигүүчүлүк кесиптке үйрөтүп жаткан устаты Нургүл Абылкасымова
«Бул кыздар менин жоопкерчилигимде болгондон кийин окуусун бүтүргүчө көз алдымда болушат. Кээ биринин талмасы кармап калса, кээ бири буту колунан жабыркайт. Кыздарга өзгөчө көңүл буруу керек, суукка урунуп же тайгаланып жыгылып калбаса экен деймин.
Ашканага, жатаканага дайыма өзүм коштоп барамын. Жатаканадан бөлмөлөрүндө отура бергенден тажашат көрүнөт: “-Эже, мастерскойдо эле иштей береличи” деп сабактан кийин калып, азем буюмдарды жасап алаксышат. Азыркы учурда кийизден ар кандай оюнчуктарды жасап үйрөнүштү, өздөрүнө жеңил кийимдерди тиге алышат, ар кандай куурчактарды жасашат, курактын бир нече түрүн тигип көрүштү. Өздөрү айткандай, кийинки убакта интернетке коюп сатып көрсөкпү деп кызыгып калышты».

Кыздар мастерскойдо азем буюмдарын жасоодо
Ушул эле кесиптик лицейдин мадайымы Айчүрөк Байбосунова кыздар жөнүндө кошумчалай кетти:

№43 Кесиптик лицейдин медайымы, кыздарды дайыма медициналык кароодон өткөрүп турат.
«Тигүүчү кесибинде окуган майып кыздар, аябай таланттуу, бир нерсени үйрөнөйүн деген аракетчил кыздар. Мен булардын ден-соолугунан кабатыр болуп күнүгө келемин. Өзүңөрдү аягыла, жаныңарга күч келтирбегиле деймин.
Дары-дармектери толук жетиштүү, кээде эле өздүк гигиеналык каражаттары, шампун, самындарынан кыйналып калышат. Мугалимдер өзүбүз акча чогулуп же кайрымдуу адамдар алып берип коюшат. Себеби, жөлөк пулу деле эч нерсесине жетпейт. Кыздар аябай ынтымактуу, ден-соолуктун кадырын билип бири-бирине жардамдашып турушат».

Кыздар бири-бирине жардамдашып турушат. Эже-сиңдилердей болуп ынтымакта жашап күн өткөрүүдө.
№43 Кеесиптик лицейде “тигүүчү” кесибинен тышкары “Жашылча-жемиш өсүрүүчү” кесибинде мүмкүнчүлүгү чектелген эркек балдар окушат. Алар лицейдин базасында курулган күнөсканаларда жашылча- жемиштерин өстүрүүнү үйрөнүшүүдө.
№43 Кесиптик лицей, мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарды коомго аралаштырып, өз алдынча ишкерлик кылууга шыктандырат. Бул окуучулар кадимки дени сак окуучулар менен аралашып, чогуу жатаканада жашап кызыктуу кундөрдү өткөрө алышат. Жаштайынан ден-соолуктун азабын тарткан окуучулардын кыялы орундалып, изги тилектери кабыл болсун.
Жаны-Жерде “Кемп Ала-Тоо” коомдук фондунун колдоосу менен окуучулар көчөттөрдү өстүрүшөт.
Турсун Омуралиева