Куланак жамааттык мультимедиа борборунун бүтүрүүчүсү кичи долбоор жазып утуп алган. Долбоордун максаты Куланактагы жамааттык мультимедиа борборунун ишин алдыга жылдырып, колдоо көрсөтүү.
Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы бүтүрүүчүлөрүнө конкурстук негизде долбоорлорго сынак жарыялаган. Долбоорду утуп алуу үчүн семинарга бүтүрүүчүлөр катышып, каражатты сарптоо үчүн долбоор түзүшкөн. Семинарга жалпы жыйырма бир бүтүрүүчү катышып, алардын ичинен алтысы гана тандалып алынган. Жеңүүчүлөрдүн бири Куланак жамааттык мультимедиа борборунан Дилде Шатанова.
«Мен Куланак жамааттык мультимедиа борборунун бүтүрүүчүсү болом. Жалпы жети облустан катыштык. Жана ал грантты утуп алуу үчүн критерийлерге тууралап долбоор жаздым. Максаты айылыбыздагы «Куланак» жамааттык мультимедиа борборунун иштерин жайылтуу жана ыктыярчыларды окуудан өткөрүү.
Отуз миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп берилген, акчаны техникалык каражаттарды алууга жана тренердин акысына сарпталат. Куланак айылына келип, кабарчы болуп иштөөнү каалаган окуучуларга тренингдин биринчи бөлүгүн өттүк. Семинарда жаңылык жазуунун негиздери жана кандай жазуу керектиги жөнүндө болду. Ал эми экинчи бөлүгүндө атайын тренер келип СММ тууралуу түшүндүрүп берет, башкача айтканда окуучулардын жазган жаңылыктарын социалдык тармактар аркылуу элге жайылтуу (таанытуу) болот».
Жогоруда айтып өткөн экинчи планыбыз 15-январдан 30-январга чейин кудай буюрса ишке ашырылат. Бул долбоор он окуучуга ылайыкташкан жана эки айдын ичинде ишке ашырылып бүтүшү керек. Ал эми семинарга барып калуумдун себепчиси медиа борбордун координатору Айзат эже», — дейт биздин каарман Дилде Шатанова
Медиа борбордун координатору Айзат Түмөнбаевага кайрылганда төмөндөгүлөргө токтолду:
«Куланак жамааттык мультимедиа борбору 2013 — жылы ачылган. Ошол жылдардан бери бизде бүтүрүүчүлөр абдан көп болду. Окууга чакыруу келгенде тандап жиберүү мен үчүн кыйын болду. Баары таланттуу, өз ишин мыкты билген кыздар, азаматтарыбыз бар. Анан Дилдеге сунуштасам жок деген жок. Себеби, баары тең эле жогорку окуу жайларда студенттер. Убактысын бөлүп, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, бүгүнкү күндө иш алып бара баштады».
Сайкал Эрнисбек кызы