Жаны-Жер айыл аймагында ээси жок жолбун иттер көбөйүп кеткендиги айыл тургундарын санаага салды. Кыш мезгилинде талаада таштанды арасында жүргөн жолбун иттер айыл ичине кирип келишти.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы эртели кеч жумуштан келе жаткан адамдардын жана мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн жолбун иттерди жок кылуу жөнүндө жарыялады.
Жаны-Жер айылынын, “Тазалык муниципалдык ишканасынын” айылдагы кызматкери Бакыт Жыргалбеков жолбун иттерди жок кылууну өзү колго алды.

Жаны-Жер айылынын, “Тазалык муниципалдык ишканасынын” айылдагы кызматкери Бакыт Жыргалбеков
Айыл тургундарына “Whatsapp” “Telegram” группалары аркылуу кайрылуу жасап, короодогу иттерин байлоого эскертүү берди.

Айылдагы жолбун иттерди атуу жөнүндө кулактандыруу
Буга чейин айылдагы жолбун иттер 2019-жылы жай айында жок кылынган. Атылган иттердин өлүгү айыл чекесиндеги таштанды талаага атайын чуңкур казылып, тегерегине хлор сээп дезинфекцияланып өрттөлөт. Бул оору-сыркоо, аба аркылуу тарап кетпеси үчүн.

Өрттөлгөн иттерди көмүү
Ит кутурма, котур, чакалай сыяктуу жугуштуу ооруларга чалдыгат. Ит дайыма ветеринардык текшерүүдөн өткөрүлүп турушу керек. Эгерде ээси жок жолбун иттер көбөйүп кетсе, айыл эли үчүн кооптуу болуп саналат.
Турсун Омуралиева