Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейи, борбор калаабыздын Эмен паркында өткөрүлүүчү кесиптик лицейлердин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалына катышууда. Аталган иш-чарада 9-10-11-класстын окуучулары учурдун талабына ылайык болгон кесиптер жөнүндө маалымат алышып, кесиптик билим берүү мекемелери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Фестивалдын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, коледж жана кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу жөнүндө уюштурулган.
Бишкек шаарындагы Эмен паркында өткөрүлүүчү артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалына Б.С Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейи кесипке багыт берүүчү көргөзмөлөргө катышып, окуучулардын колдорунан даярдалган азем буюмдарын алып барып, лицейде окутулуучу адистиктер жөнүндө маалымат беришүүдө.
Дагы бир белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын билим жана илим министирлигинин билдирүүсү боюнча, иш-чара Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Бүгүнкү Бишкектин Эмен паркында өткөрүлүүчү иш-чарада 9 колледж жана 22 кесиптик лицейлер катышууда.
Турсун Омуралиева